Архив
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МЕН КАНТИП КАЙРА КЫЗГА АЙЛАНДЫМ?...

№213 1-7-декабрь, 2006-ж.


Кийинки кездерде кыздардын актуалдуу маселесине айланган кыздык тиктирүү (гименопластика) жөнүндө кенен изилдөө үчүн атайын адиске жол тарттым. Коридордо өз кезегин күтүп турган кыз-келиндер көп. Бирок, мен адиске жолуга электе эле бардык суроомо жооп берген адам менен маек кураарымды билген жок элем...

КЕЛИН ЖАНА КЫЗ
Отургучка отураарым менен жанымда тур­ган келин менен жаш кыз көзүмө урунду. Кызды жоошутуп келин бир нерселерди кобурап коёт. Бирок, жаш кыздын жүзүндөгү са­нааркоону алып сала албады. Кезеги келип, кирээрге жакындап калганда кыз элеңдеп келинге «жеңе» деп жалооруп жиберди.
– Кир, коркпо, Жазгүл, кире бер...
Кыз тарткынчыктап турду да, шарт кирип кетти.
– Бул кимиңиз болот?- дедим мен келинге.
– Кайынсиңдим.
Келин оор үшкүрүп алды. Сөзүбүз андан ары уланып маектешип кеттик.
– Өх, байкушум, жалгыз кайынсиңдим. Жаш­тыгынан байкушум сүйөм деген бирөө­гө алданып калыптыр. Эми жакында тою тү­шөт дегенде айласы кетип мага айтып отурбайбы.
– Бул жөнүндө дагы ким билет?
– Эч ким. Мен гана.
Мен келинге журналист экенимди, бул маселе тууралуу жазайын деп жүргөнүмдү сөз кыла кеттим. Келин ойлуу
турду да, мага сырдуу тигилди.
– Сиңдим, журналист экенсиң. Ошондуктан, менин тагдырым да бир адамга сабак болоор. Сага эч кимге айтпаган сырымды ай­тып берейин. Бир кезде мен да дал ушундай болуп айламды таппай...- деп баратып токтоп калды.
– Сиз дагыбы?- дедим мен таңкала.
– Ооба, мен дагы...
Экөөбүз эл жок жакты көздөй басып сырдашканы отурдук. Келин азга тынып турду да, баянын баштады...
Урматтуу окурман, келиндин ыймандай сырын эч өзгөрүүсүз сиздерге баян кылууну чечтим.

АТЫН ДА БИЛБЕЙ КАЛДЫМ
Атам убагында жакшы орундарда иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Апам да өз ишине тың, анча-мынча аялдарды алдына салбаган аял. Мен ата-энемдин жалгыз кызымын. Районубуздун кадыр-барктуу адамдарынан болгондуктан, экөө тең намыс десе жанын берээри айтпаса да түшүнүктүү эмеспи...
Мектепте окуп жүргөнүмдө мени көчөгө бастырбай аябай катуу кармашты. Айрыкча атам «Кыз дегенди катуу кармаш керек. Кийин куда күтсөк, сөзгө калабыз. Апасы, кызыңдын көчөдө бейчеки басканын көрбө­йүн» деп зекип калаар эле. Классташтарымдын туулган күнүнө да жиберчү эмес. Эчен жолу апама билгизбей качып кеткен күндөрүм болгон. Кээде билинип калган учурларда апам мени балдардын көзүнчө чыбык менен сабап, айдап келээр эле. Намысыма чыдабай ыйлап-ыйлап кала берчүмүн.
Ошентип жүрүп орто мектепти бүттүм. «Эми шаарга кетсем, ээн-эркин жашаармын» деп үмүтүмдү туу кылып сүйүнүп жүр­дүм. Атам өзү борборго ээрчитип келип, университеттердин бирине өткөрдү. Менден бир ооз кайсы окууга өткүң келет деп сурап коюшкан жок. Ошентип, жогорку окуу жайында окуп калдым. Бир жылга жетпей шаар­дан бир бөлмөлүү үй алып беришти. Өзүм каалап тапшырбагандан уламбы, сабакка кө­ңүлүм жок эле. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, мендей атасынын чөнтөгү калың эрке кыздар тез эле табылды.
Күндө майрам, күндө той. Сабакка келсем да экинчи парасына чыдап отура албай, курбуларым менен качып кетем. «Шаар деген ушул экен, эркиндик деген ушул экен» дедимби, өзүмдү-өзүм таштап жибергенимди кыздыгымдан айрылгандан кийин сездим.
Кыз намысымдан ажыраткан адамды мен жакшы деле таанычу эмесмин. Кыздар менен кезектеги отурушка барып калдым. Ичим­дик ичилип, бийлеп, ырдап отурдук. Ал кечедеги бою узун, албеттүү жигит мени шынаарлап калганын байкагам. Бир маалда кече аяктап калган маалда мени белден имере тартып төркү караңгы бөлмөнү көз­дөй жөнөдү.
Анан... Ал менин боздоп ыйлаганыма, «кызмын» деп карганганыма караган жок. «Анда мындай жерге неге келесиң?» деди күрсүлдөп. Менин жандалбастап жардам сураганымды эч ким укпады. Эртең менен тиги жигит эч нерсе болбогондой ордунан туруп бара жатып: «Догурунуп артыман келем деп ойлобо. Мен сенин кыз экениңди билген эмесмин» деп эшикти тарс жаап алып чыгып кетти. Ошентип, атын дагы жакшы билбеген бир адамга тебеленип кала бердим.

КУДАЛАШУУ
Жашырганда эм­не, андан кийин деле көп адамдар менен болдум. Жаш­тыгыманбы же эрке өскө­нүм­дөн­бү, ошон­до деле эмне кылып жатканымды бай­каган эмес экем­.
4-курста окуп жатканда апам демейдегидей шаарга келип кал­­ды. Апамдын кебетесинен эле жөн кел­бегенин тү­шүн­дүм. Көрсө, бир кадыр-барктуу адамдын ба­ласына мага куда түшүп келген экен. Оозумдан сөзүм түшүп отуруп калдым. «Кызым, аябай жакшы жер экен. Атаң да жактырып жатат. Эми бизге жаккан жер сага деле жагат да. Ошондуктан, макулдугуңсуз эле келген адамдарга жооп берип койдук» деди апам куду малына жакшы кардар чыккандай кубанып. Эмне демекчимин?.. Атам менен апама кантип каяша айтмакчымын? Каршылык кылганда де­ле өз билгендерин кылаары белгилүү. Андан көрө өз камымды жешим керек.
Албетте, эгерде мен кыз болбой барсам, бир район болгондуктан, апамдарга баары бир билинет. Ошондуктан, айла табуум керек эле. Курбуларымдан кыздык тиктирсе бо­ло турганын уккан элем. Дароо оюма ошол келди.
– Апа, качанкыга деп сүйлөшүп жатасыңар?- дедим.
– Эки жумадан кийин...
Эрксизден календарга көз чаптырып алдым.

НАРКЫ 500ДӨН 2000 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Эртеси эле гинекологдун кабинетинде отурдум. Жа­шы 30дарга келип калган эже мени сырдуу карады.
– Кана, эмне дейсиң?
– Эже, мен...
Эптеп мукактанып жатып келген жөнүмдү түшүн­дүр­дүм.
– Төрөгөн жок белең?
– Жок,- дедим чочуп.
– Анда эч кандай коркунучу жок. Эгерде төрөсөң мындай операция жасоо алда канча оор болмок. Мындай маселе менен көптөгөн кыздар келет. Айрыкча азыр аябай көбөйүп кетти. Мынабу жерде отурган бир гинеколог күнүнө мындай операциядан 4-5ти жасайт.
Эже менин чочуп турганымды байкап, жоошутмакка ушинтип айтты:
– Мындай операциялардын түрлөрү болот. Ошого жараша акысы да бааланат. Негизи, биз 1500-2000 миң сомго жасайбыз. Ал эми жапайы гинекологдор деп коёбуз, алар үй шартында деле тиге беришет. Акысына 500 сом алышат. Бирок, аларга жасат­кандан көрө акчасын жакшы төлөп гинекологдорго жасатып, күйөөңдүн алдында бе­тиң жарык болгону жакшы эмеспи...- деди эже мага кыскача түшүндүрүп.
Зарыгып турганда акчага деле карабайт элем. Ошентип, эртең саат 12де кабинетинде күтөөрүн айтып коштоштук.

ххх
Эртеси белгиленген убакытта кабинетине баш бактым. Калтыраган боюмду токтото албай турган мени карап, эже күлүп жиберди:
– Тиш жулдуруп көрдүң беле?
– Ии,- дедим мен коркконумду жашырмакка араң күлүмсүрөп.
– Анда коркпо, бул операция тиш жулгандан да оңоюраак. Сеникин өткөндө көрдүм го. Аз эле жери тигилет. А кээсинин тигиле берип тиге турган жери калбай калат. «Сен өткөндө эле келдиң эле го?» десең, «Эжекебай, бул акыркы жолу. Ал жигитим алам деп коюп албай кетти. Мунусу чындап ала турганы» деп жалынып башташат. Айлаңды кетиришет. Бирок, менин колумдан чыккандар «жалоб» кылып келе элек. Бардыгы эле бактысын таап кетишет. Анан үйлөн­гөндөн кийин рахматын айтып анча-мынча таттуусун көтөрүп келип калышат. Сени да­гы буюрса, уят кылбайм,- деди эже өзүнчө сүйлөнүп.
Эженин сөзүнүн бири кулагыма кирсе, экин­чи­си кирбей калтырай бердим. Канчалык өзүмдү токтотоюн десем да болбой тизелерим калчылдап жатып араң креслого чыктым. Көзүмдү жумуп алдым. Оюм онго бө­лү­нүп, мындан ары эмне болоорун көз алдыма элестете албай жаттым. Кантип тигет бол­ду экен? Мындан бир жыл мурун айрылган кыздык белгим эми кантип калыбына келет? Эгерде кыз чыкпай калсам, апам менен атам элдин бетин кантип карашат?
Эженин колдору шыпылдайт. Мени кый­на­ган ойлор менен анын кандай жумушу болмокчу. Колу-бутумду кыймылдаткандан коркуп көзүмдү бек жумуп алып жата бердим.

15 МИНУТАДАН КИЙИН...
Бул операция үчүн наркоз берилбейт экен. Оорунун сездирбөөчү дары суюктук ийне менен жан жериме сайылаары менен эч нерсе сезбей калды. Бирок, врачтын ийкемдүү колдорунун кыймылы сезилип жатты. Оюмда «Тезирээк эле бүтсө экен... Айланайын Кудай, ата-энемдин бетин жер каратпасам экен» деп жалынып жаттым.
– Ай, чоң кыз, көзүңдү ач...- деп сүйлөп жаткан эженин үнүнөн улам көзүмдү ачып суроолуу карадым.
– Бүттүбү?
– Ооба.
Таңкала түштүм. Негедир мен элестеткендей оору да, кыйналуу да жок. Ушинтип эле бүтүп калабы деп дагы деле ишене албай турдум.
– Болду, колукту, даярсың. Эми бактың өз колуңда,- деди эже чоң иш бүтүргөндөй кубана.
Мен 15 минутанын ичинде кайрадан кыз бо­луп калганыма бир ишенип, бир ишенбей дендароо болуп жаттым. «Чынбы? Кайра чын эле кыз болуп калдымбы» деп жаттым. Бир аздан кийин мени эже өзүнчө бө­лүн­гөн палатага жаткырып койду. Уктатуучу дарынын таасириненби, көзүм илине түшүптүр. Эки сааттан кийин кайрадан креслого жаткырып карап көрүп, бардыгы жайында деп билдирди.
Кетээримде үч күндөн кийин гана жуунууга болоорун, ал эми эки жумадан кийин тигилген жиптер билинбей калаарын, ошондон кийин турмуш жолуна бет алууга болоорун айтып, мени узатышты.
– Эгерде ооруп же болбосо бир нерсе тынчсыздандырса мага телефон чал,- деди эже коштошуп жатып. Ошентип, эки сааттан кийин жолго түштүм.

ОКУЯНЫН СОҢУ
Биринчи күндөрү буттарым өзүнөн өзү чалыштап баса албай жүрдүм. Экинчи күндөн кийин көнүп кеттим. Аз күндөн кийин менин тоюм болмок. Ата-энемдин кубанып тойго камданып жүргөнүн көргөн сайын жү­рө­гүм тыз дейт түшөт. Эгерде баары мен ой­ло­гондой болбой калса, өзүмдү-өзүм өлтүрүп коюуну да ойлоп жаттым. Апакай көйнөк кий­ген менин бүт денем калтылдап, жүрө­гүм болочок күйөөмдөн сүрдөгөндөн эмес, айыбым ачылгандан коркуп, титиреп жатканымды эч ким байкаган жок. Шаан-шө­көт менен менин үйүмдөн узап, күйөөм­дүн үйүнө бет алдык.
Түндүн бир оокумунда көшөгөнүн ичинде мени бооруна кыскан күйөөм рахматын айтып өпкүлөп жатты. Менин да көзүмдөн жаш атып кетти. Бул сүйүнүчтүн да, коркуунун да көз жашы эмес, уялуунун, абийиримдин алдында коркуунун көз жашы эле.

ххх
Азыр күйөөм менен бактылуу жашап жатам. Бирок, да көңүлүмдүн түпкүрүндө абийирим тынч ала албай келет. Ал эми кайынсиңдим дагы бирөөгө алданып калганын ук­кан соң, аялдык жүрөгүм менен аяп, эч кимге айтпастан ушул жерге алып келдим. Эч бир жанга айта албаган сырымды сиздерге гана ишенип айттым,- деди да келин сөзүн бүтүрдү.
Кызыктуу баян куруп берген келинге рахмат айтып, жолума түштүм.

Даярдаган Асия Алиева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
22.08.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ох-хоо, маладестер
28.08.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да калганына жакшы сабак болсо болду аа ушунтесе болт экенда деп кетпей
24.10.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өллө рекламалапсыңар
08.12.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujaaaaaas
08.12.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оллааа тигиле берип тигиле берип тиге турган жери калбаган кыздар да келет дегени жакты кампир болгуча тиктиретко
08.12.2013. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
исламды тутуналы десен акылдуу болуп чыга келишет.Бети жоктор кыйраткансып тиктирип алышканын
24.07.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол тиккен гникологтордун барын кармаш керек ато ХХХ 15минутта кыз болуп калып жатпайбы.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-25 10:06:05
04.04.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх заманын,кургур эмне болуп баратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: