Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов коронавирус илдетинен каза болду. Маалыматты 7-апрелде Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Маалыматка таянсак, экс-депутат 6-апрель күнү кечки саат 10го жакын көз жумган. “Коронавирус жана пневмония илдетинин оор түрүнөн каза болду”,- деп билдирди дарыгер.
Токтогул Туманов 1966-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышына КСДП партиясынан депутат болгон. Парламенттин Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектеп турган.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Токтогул Тумановдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жолдубек Качкынбаев