UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык мушкер
Дастин Порье үчүнчү жолу беттешери маалым болду. Маалыматка ылайык, мушкерлер 10-июлда Лас-Вегаста UFC 264 турниринин алкагында кеченин башкы беттешинде кез келишет.
Ал эми Дастин Конордон улам чемпиондук кур үчүн боло турган титулдук беттешинен баш тартканы айтылды. Муну UFC президенти Дана Уайт да тастыктаган. Мушкерлер алгач ирет 2014-жылы мушташып, Конор Порьени нокаут менен уткан. Алардын экинчи беттеши үстүбүздөгү жылдын 24-январында болуп, 2-раундда Дастин Порье ирландиялыкты нокаутка учураткан.
Динара Акимова