p

6-июль, 1960-жылы "Кримавторитет" Рысбек Акматбаев туулган

Кыргызстан
Кезинде "кримавторитет" кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон Рысбек Акматбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Советтик армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктаган соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинген. Ал эми 1988-жылы "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып, камакка алынган. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышкан.
Анын эркиндикке чыгышы Кыргыз өлкөсүнүн эгемендик алган мезгилине туура келет. 1990-жылдардын башында ал өз командасын топтоп, ошол учурдагы башка адамдар сыяктуу бизнес тармагын өздөштүрө баштаган. Иши ийгиликтүү жүрүп, 1995-1996-жылдары туулуп-өскөн Чолпон-Ата шаарына шаардын негиздөөчүсү болгон Чолпон атанын эстелигин орноттурат. 2001-жылы "уюшулган кылмыш тобун түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат жана "2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар" деп айыпталат. 2004-жылдын 5-майындагы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмү да Рысбек Акматбаевдин моюнуна илинген.
Акаевдик режим кулаганына байланыштуу Рысбек Акматбаев өз эрки менен Башкы прокуратурага кайрылып, ал эми Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыккан. Ушул жылдын 9-апрелинде Балыкчы округундагы депутаттык шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен. Бирок депутаттык мандатты ала элек жатып, 2006-жылдын 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келе жаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза тапкан.
  (65 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
06.07.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыспектей патриот президент керек барбы кыргызда азыр ушундай киши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: