|
p
14-июнь, 1736-жылы Франциялык физик, инженер Шарль Огюстен Кулон туулган![]()
Франциялык физик, инженер, электростатиканын негизги законунун (Кулон закону) автору Шарль Огюстен Кулон Франциянын Ангулеме шаарында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Эң мыкты делинген колледжде билим алып, аны аяктаган соң 1760-жылы XVIII кылымдын эң мыкты делинген аскердик-инженердик мектебине кирген. Окуусун аяктаган соң көбүнчө аскердик-инженердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн. Шарль Огюстен Кулон 1806-жылы 23-августта 70 жаш курагында Парижде көз жумган. Анын ысымы Эйфел мунарасынын биринчи кабатында жайгашкан Франциянын улуу окумуштууларынын тизмесине жазылган.
(289 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|