p

20-март, 1941-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова туулган

Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.
Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондо опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. 1978-жылы А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге солист болгон. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталган. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда опера жана балет театрында, улуттук филармонияда, кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.
  (84 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: