p

13-декабрь, 2003-жылы Ирактын президенти Саддам Хусейн колго түшүрүлгөн

Дүйнө
2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу теракттан соң, АКШ президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам террористтик топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек деген чечим кабыл алган.2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюндарына алышкан. 9-апрелде Багдад баскынчылар тарабынан басып алынып, Саддам Хусейндин бийлигин кулатылган. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддамдын уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшкөн. Анын жубайы менен кыздары Сирияда баш калкалап, ошол өлкөдө жашап жатканы белгилүү болгон. Саддамдын жан-жөкөрлөрү колго түшсө да каардуу диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калган. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык берээрин жар салганда өзүнүн аталаш тууганы Саддамдын кайда экенин айтып койгон. Ошентип, 2003-жылдын 13-декабрында АКШ аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден таап чыгышкан. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталган. Эң кызыгы, мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилген.Ошентип, 30-декабрда экс-диктатор дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө денеси коюлган.
  (22 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
13.12.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саддам Хусейн 1980-жылы тынч жаткан кошунасы Иранга кол салган. Эки өлкө тең дүйнөлүк коомчулук тарабынан тыюу салынганына карабай, химиялык куралды колдонушкан. Ирактын түндүгүндө жашаган күрд элине кол салып, химиялык куралды колдонуу менен дээрлик 182 миң күрд элин кыргынга учураткан.1990-ж. Кувейтке кол салып, Перс булуңунда согуш болгон. Мында биринчи жолу СССР АКШны колдогон. 1991-ж. Коалициялык күчтөрдүн "Буря в пустыне" операциясы Ирактын армиясын талкалап, Кувейт бошотулган.<
MIRBOLOT түзөттү 2021-12-13 14:34:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: