|
p
31-март, 1958-жылы Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев төрөлгөн![]() Мурдагы Ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев төрөлгөн. Кичи мекени Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай айылы. Билими – жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Юридикалык илимдердин кандидаты. 1979-жылдан тартып ички иштер органында иштеп, мамлекеттик банктын сакчысы, аймактык инспектор кызматтарын өтөгөн. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад ШИИБинин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан тарта аталган облустун ИИББинин кылмышкерди издөө бөлүмүнүн начальниги, 1998-жылы ошол эле башкармалыктын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, андан соң ИИМдин жергиликтүү органдарында жана борбордук аппаратта ар кандай жетекчилик кызматтарын аркалаган. “Тюльпан революциясынан” кийин 2005-жылы М.Конгантиев Бишкек ШИИБинин начальниги болуп дайындалган. Ал бул кызматында 2008-жылдын январь айына чейин иштеген. Мындан кийин Кыргызстандын ички иштер министри болуп бекиген. 2010-жылдын 6-апрелинде оппозициячылардын митинги өтүп жаткан Талас шаарына барып, 7-апрелге караган түнү оппозициячылар тарабынан барымтага алынып, катуу сабалган. Бир канча күндөн кийин аялы аны 40 000 долларга оппозициячылардан сатып алып, Казакстанга багыт алган. 26-апрель күнү Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинген.
(67 жыл мурун)
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|
Азыркы учурда да генерал Конгантиев министр болсо милиция дагы жакшырмак.
Бул буйрукту Гана аткарган не куноосу бар эле ушунчалык сабалганга