p

13-июнь, 1860-жылы Ысык-Көлдө бугу уруусунун курултайы өткөрүлгөн

 
Кыргызстан
Ысык-Көлдө бугу уруусунун курултайы өткөрүлгөн. Курултайда бугулардын чоң манаптык бийлик маселеси каралып, жогорку кызмат орду манаптардын шайлоосунда чечилген. Чоң манаптык бийликке Качыбек Шералиндин талапкердиги туура табылып, ал шайлоодо жеңип чыккан. Качыбек баатырга жардамчылык кызматка Сарпек Саскин дайындалган.
Бугу манаптары чоң манаптыкка өткөрүлгөн шайлоо туурасында Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г.Х.Гасфордго бул күнү кат жолдошкон. Катта Качыбек манапты чоң манаптыкка шайлангандыгы жана анын "укукту жогору баалаган артыкчылыгы жана улук өкүмдарга ак дилден өтөгөн кызматы" белгиленет. Бугу уруусу Качыбек манапка жардамчылыкка Сарпек Саскинди дайындашып, бардык уруу өкүлдөрү алардын амирине кирип, буйругун аткарууга сөз беришкени кулактар кылынат. Катка бугу манаптары кол коюшуп, аны жеке мөөрлөрү менен бекитишкен.
  (165 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: