p

30-июль, 1974-жылы Америкалык актриса Хилари Суонк туулган

Дүйнө
Америкалык актриса, “Оскар” сыйлыгынын эки жолку жана "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Хилари Суонк Небраска штатындагы Линкольн шаарында туулган. Алгачкы жолу 9 жашында "Жунгли китеби" мектеп театрында Мауглинин ролунда сахнага чыккан. Бул ролдон кийин ал көптөгөн телеберүүлөрдө эпизоддордо тартыла баштаган. Анын биринчи чоң ролу 1994-жылы "Кийинки жигит-каратист" аттуу тасмасында болгон. Ал төрт жыл өткөн соң гана "Беверли-Хиллз, 90210" популярдуу жаштар сериалында жалгыз бой эненин ролунда байкалган. Бул сериалдан кийин Кимберли Пирстин "Жигиттер ыйлабайт" аттуу тасмасында тартылган. Дал ушул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Хилари Суонк "Миллионго бааланган балакай" (Малышка на миллион), "Кара орхидея" (Чёрная орхидея), "Орок маалы" (Жатва), "Эркиндик жазуучулары" (Писатели свободы) аттуу тасмаларында ийгилик жарата алган.   (51 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: