p

4-февраль, 1949-жылы балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев туулган

Кыргызстан
Балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн.
1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин генералдык директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри, 1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан Кыргыз театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.
  (76 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: