p

13-июнь, 1853-жылы Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракетин жасагандыгы ачык байкалган

Кыргызстан
Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу үчүн болгон аракетин жасагандыгы ачык байкалган. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет. Керектүү жүктү ташуу үчүн казактардан жылкы жана төө сурап, Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт. Капыстан келген көчтөн Ормон хандын сестендирбөө үчүн алдын ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Рапортто көрсөтүлгөндөй, Ормон ханга жашыл баркуттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Майор Перемышльскийге жолдонгон кат Омск шаарындагы корпустук баш кеңсеге 1853-жылдын 13-июнунда келип түшкөн.  (172 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: