p

30-июль, 1898-жылы Англиялык сүрөтчү жана скульптор Генри Мур төрөлгөн

Дүйнө
Англиялык сүрөтчү жана скульптор Генри Мур Кастлфорддо шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 11 жашында Микеланжело жана анын жетишкендиктерин угуп скульптор болууну чечкен. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан соң Лидсдеги Көркөм чыгармачылык жана Лондондогу Падышалык көркөм чыгармачылык колледждеринде окуган. Мур ар дайым Байыркы Грециянын, этруск жана майя элинин скульптуралары менен кызыккан. Бул кызыгуу менен жана Рожер Фрай менен айтылган "материалдарга болгон берилгендиги" менен жаратылыш, жердин жаралышынын белгиси болгон өзгөчө материалдык формаларды жаратууга киришкен. Булардын негизинде анын скульптуралары жасалып, алардын арасында аялдын фигуралары жана энеликке, үй-бүлөгө таандык композициялар көп кездешет. Алгач анын скульптуралары реалдуу объекттерге жакын болчу, кийин абстракттуу мүнөзгө өткөн.
1943-1944-жылдары Нортхемптондогу Ыйык Матвейдин чиркөөсү үчүн Мадонна жана Ымыркайдын скульптурасын жасаган. Нью-Йорктогу Заманбап искусство музейинде өткөн көргөзмөсү Мурду XX кылымдын мыкты чебери катары таанылткан. 
  (127 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: