p

9-февраль, 1895-жылы АКШда волейбол оюну ойлоп табылган

Дүйнө
АКШнын Массачусетс штатындагы Холиоке шаарында жайгашкан Жаш христиандар ассоциациясынын спорт залында аталган уюмдун физикалык жактан даярдык боюнча башчысы Уильям Морган топ менен ойнолуучу жаңы командалык оюнду - волейболду ойлоп тапкан. Ал баскетбол, бейсбол жана гандболдун элементтерин аралаштырып, теннистин торундай торду адамдын боюнан бийик болушу үчүн жерден 196 сантиметр бийиктикте илген. Оюндун катышуучуларынын санына чек коюлган эмес. Спорттук оюнду алгач минтонет деп аташкан. Бир жылдан соң, 1896-жылы Спрингфилд шаарында бул оюн коомчулукка көрсөтүлгөн. Профессор Альфред Хальстед "минтонетти" "волейбол" (учуп бараткан топ) деп өзгөртүүнү сунуштаган. 1900-жылдан баштап волейбол дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарап, популярдуулукка жеткен.  (129 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: