p

13-июнь, 1993-жылы Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу төрөлгөн

Кыргызстан
Кыргыз курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу 1193-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында төрөлгон. Алгачкы жолу "Топ-Лигада 2012-жылы "Абдыш Ата" футболдук клубунун катарында ойноп баштап, 2015-жылы "Дордой" командасына өткөн. Аталган клубдун курамында АФК Кубогунун тайпалык баскычында бир нече оюн өткөрүп, 2018-жылдын башында түркмөнстандык "Ахал" клубунун дарбазасына гол киргизгенге жетишкен.
"Дордойдун" катарында 1 жолу Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугун (2018), 3 жолу өлкө кубогун (2016, 2017, 2018) женип алган. Мындан сырткары 2014, 2015, 2016-жылдары Топ-Лиганын күмүш медалын тагынган.
Футбол боюнча Улуттук команданын жаштар курамында 6 беттеш өткөрүп, 2013-жылы негизги курамда Беларуска каршы жолдоштук беттеште дебют жасаган. Алгачкы жолу 2014-жылдын сентябрь айында өткөн беттеште Казакстандын дарбазасына гол киргизген.
2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна катышып, Кыргыз өлкөсүнүн бардык оюндарында талаага чыккан.
  (32 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: