p

15-октябрь, 1921-жылы Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев туулган

Кыргызстан
Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Андан кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган. Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубунун Эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 16-июлунда Сүйүнбай Эралиев каза болгон.  (103 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: