p

9-май -  Улуу Жеңиш күнү

Дүйнө
Совет элинин улуу жана ыйык майрамы. 1945-жылы 8-май күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союузунун маршалы Г.Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы А.Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип, 4 жылга созулган (1941-1945-ж.ж.) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган. Ошол эле замат И.Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-Майы күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Элдин баары майрамдаган. Көчөлөрдө адамдар бирин бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1 миң замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш Салюту берилген. Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган. 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: