p

14-июнь, 1942-жылы АКШнын экрандарына Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми чыккан

Дүйнө
АКШнын экрандарына Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми чыккан.
“Бэмби” мульттасмасы австриялык журналист Феликс Зальтендин ушундай эле аталыштагы эмгегинин экрандаштырылган чыгармасы. 1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ага бир чаарчык байыр алат. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан. 1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген. Бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.
"Бэмби" "Оскар" сыйлыгына үч номинацияда ("Мыкты ыр", "Мыкты үн" жана "Мыкты музыка") көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. Абройлуу сыйлыктардан 1948-жылы "Алтын глобуска" татыган.
  (83 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: