Айдана Дека: "Кыздын сыры" ырын Алина Жетигенова менен дуэт ырдаарымды укканда сүйүндүм"

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкектеги Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата супер концерт өтүп, ал "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолот. Анда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен жаш ырчы Айдана Дека бир кезде популярдуу болгон "Кыздын сыры" ырын атайын супер концертке арнап дуэт аткарышмакчы. Айдана Дека дуэт ырдоо, аны жаздыруу кызыктуу болгонун айтат.
"Алина Жетигенова менен дуэт ырдаарымды укканда абдан сүйүндүм, толкундандым. Ырды жаздыруу учурунда эже "өзүң да назик кыз экенсиң, бул жерин назигирээк ырда" деп кеп-кеңешин айтып жатты. Мен биринчи куплетти ырдадым. Андан кийин Алина эже ырдайт. Экөөбүздүн аткаруубуз эки башка болуп жатты. Айрыкча эженики өзгөчө болду. Процесс кызыктуу жүрдү, чогуу жаздырган эмгегибиз да күйөрмандарыбызга жагат деп ишенебиз. Калган кызыктарды ыр сүйүүчүлөр SUPER.KG`нин 10 жылдыгына арналган концертте келип угуп, көрүп кетишсе болот", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, 9-декабрда боло турган концертке кыргыздын белгилүү эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Каныкей, "Биз" тобу, Жийдеш Идирисова, Нурлан Насип, Урмат Усенов, Неля жана башкалар катышат. Концертте "Биз" тобу менен Аваз Акимов "Муйдусунан", Ильяз Андаш менен Курал Чокоевдин аткаруусунда "Сейдакматтын ыры" аттуу мегахиттер жаңырып, Баястан, Бегиш хит болгон рэп чыгармаларын тартуулашат.
Айдана Дека "Кыздын сыры"
Алина Жетигенова "Кыздын сыры"
Алина Жетигенова, Айдана Дека "Кыздын сыры"

Duruf прав! тогда действительно еще не было памперсов. Но даже если и были то ты их носила и в школу?!??!!! Это интересно. У тебя с малых лет проблемы с мочеиспусканием чтоли. Бедная!!!!!!