"Эс-учун билбеген абалда жатат". Дарыгер Асел Кадырбекованын алган жаракаттары тууралуу айтты
Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканада жаткандыгы маалым болгон. Ырчы дарыланып жаткан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековго байланышып, бейтаптын абалы тууралуу сурадык.
"Учурда бейтап оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баш мээсинен ачык жаракат алган, моюн омурткасы жана акыреги сынган. Субарахноиддик кан кетүү болгон. Ал дагы эле эс-учун жоготкон абалда жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда", - деди дарыгер.
Жол кырсыгы кечээ, 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.
SUPER.KG порталы ырчынын батыраак айыгып кетишин каалайт.
Бишкекте 3 адам жаракат алган автокырсык
Бишкекте ооруканалар албай койгон бейтап унаада отурган жеринде кайтыш болду
Бишкекте жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:17
2024-05-06
15:16
2024-05-06
9:52
2024-05-06
Рейтинг: 2
Мындан ары Аллахым ден соолугуңду берсин , айыгып чыккан күн пешенеңе насип кылсын .Биз да тооба кылайлы туугандар , ар кандай жаман нерседен Аллахым озу сактасын ар бирибизди .Колдон келсе жакшы ишти жасайлы , жакшы суйлойлу , акылыбызды ондойлу .Бири бирибизди сыйлаган элдерден болойлу .