Садыр Жапаров: "Айрымдар кедейчилик синдромунан чыга албай, шаардын курулушуна ишенбей жатышат"
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Асман шаарынын курулушуна старт берүү иш-чарасында сөз сүйлөп жатып, аталган долбоорду сындап келген жарандарга кайрылды. Анда ал долбоорго каршы болгондорду "кедейчилик синдромунан чыга албай жаткандар" деп атады.
"Заманбап шаар салуу аракетиндеги дымактуу планыбызды учурунда сындагандар, ага ишенбегендер да болду. Дүйнөдө болуп жаткан жетишкендиктерден кабары барлар тээ алысты ойлоп, демилгени колдоп, мындай ири долбоорлого коркпой киришүүгө салым кошушту. Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап "акылдуу шаар курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле" деп буга чейинкидей эле "кедейчилик синдромунан" чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, бийликтегилер болсо муну куру кыял кылып жатышат деген шашылыш бүтүм чыгара салышты. Айтор элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы дешсе, экинчиси чамабызга чактап иш кылалы деп кызуу талкуу жаралып кетти. Муну биз ачык-айкын талкуу жүргүзө алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары да бааласак болот", - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле Асман шаарынын долбоорун даярдоого да, алдыда боло турган курулушуна да өлкө казынасынан бир дагы тыйын кетпей турганын, мындай ири долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болгон инвесторлор жетиштүү экендигин белгиледи.
"Учурунда Аравияда Неом, Бириккен Араб Эмираттарында Масдар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сыяктуу туруктуу өнүгүүгө багытталган ири долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде да өнүгүп келет. Аталган өлкөлөрдүн кыялдары чындыкка айланып, дүйнө элин суктандырды жана башкаларга да үлгү боло алды. Демек, биз да Асман шаарын кура алабыз! Башкалардан эмнебиз кем?"- деди өлкө башчысы.