Министрлик ашууга чыга турган айдоочуларга эскертүү берди

Маалым болгондой, бүгүн ,18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына 30 сантиметр калыңдыктагы кар жаады. Ошондой эле Долон ашуусуна кар жаап, учурда күн бүркөк экени айтылды.
Ошондой эле министрлик Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорундагы бул ашууларда учурда каттам бар жана өлкөнүн башка жолдорунда да унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок экенин маалымдады.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаай турганын билдирген. Ал эми күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаай турганы айтылган.
Динара Тилекеева "Насыйкат"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.