Энергетика министри Бала-Саруу чакан ГЭСи качан ачыларын айтты
Таластагы Бала-Саруу чакан ГЭСинин ачылышы 20-майда болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал 25 мегаваттык чакан ГЭСти салууга 36 миллион доллар сарпталганын айтты.
"20-майда Бала-Сарууну ачабыз. 25 мегаваттык ГЭСке 36 миллион доллар сарпталды", - деди Ибраев.
Ошондой эле министр Эсеп палатасы ревизиялык комиссия менен сарпталган акчанын баарын карап, текшерип чыгышканын кошумчалады.
Эске салсак, 2021-жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Бала-Саруу чакан ГЭСинин курулушуна капсула салган.
Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында жайгашкан кичи ГЭСти өкмөт өз күчү менен куруп баштаган.