super.kg logo

Айбек Жунушалиев согуштун ардагери Асек Урманбетовго батир берүүнү тапшырды

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга маселени чечип, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго тез арада батир берүү милдетин койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Урманбетов Асек - 1923-жылы туулган, II топтогу майып.

Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки согушкер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына "Ата Мекендик согуш", "Кызыл Жылдыз" ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда "Даңк" медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасындагы өндүрүш кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп эмгектенген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Анын 6 баласы жана 68 небере-чөбүрөсү бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: