"Өмүрүбүз жолдо эле өтүп кетмей болду". Окурман Бишкектеги тыгынга нараазы болду
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, калаадагы тыгын көйгөйүн айтып даттанды.
"Кечээ кечке маал укмуш тыгын болду. Социалдык тармакта деле жазып жатышты аны. Тыгын, бир чети жүргүнчүлөр автобуска батпай калып жатышты. Өзгөчө окуучуларга эле кыйын. Кечинде жолдо калышууда. Ушул чечилбес көйгөй болду го.
Мындай күндөрү таксинин баасы да асман чапчыйт. Өмүрүбүз жолдо эле өтүп кетмей болду",- дейт окурман.
Окурман калаа бийлигине кайрылып, аталган маселени чечип берүүнү суранды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


