super.kg logo

Ташиев Жалал-Абаддын өнүгүшүнүн сырын ачыктады (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадга башка аймактарга салыштырмалуу чоң көңүл бурулуп жатат деген кептерге жооп берди.

Атайын кызматтын башчысы Жалал-Абаддын башка аймактардан тез өнүгүшүнүн себеби жергиликтүү бийлигинин натыйжалуу иштеп жаткандыгында экенин айтты. Ал Жалал-Абад шаары өлкөдөгү үчүнчү чоң калаа экенин белгилеп, анын өнүгүшү мамлекет үчүн маанилүү болорун билдирди.

"Өнүгүү башка шаарларда дагы болуп жатат. Бирок ал жактарда темп басаңыраак. Жергиликтүү бийликтери чуркап иштешпейт, жоопкерчиликтен качышат. А Жалал-Абад шаарында күндө жаңы идея, жаңы долбоорлор. Мына ошонун бардыгын жергиликтүү бийлиги желкесине артып, алдыга тартып кетип жатышат.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенине октябрда 5 жыл болот. Ошондон бери Жалал-Абад шаарында бир дагы мэр алмаша элек, а Жалал-Абад облусунда бир гана губернатор алмашты. Башка облустарда 4-5тен алмашып жатат. Шаарларда болсо 5-6дан алмашты...

Бир гана Жалал-Абад өнүгүп жатат деген туура эмес. Өздөрү иштешпейт, анан ооздорун ачып, карап отура беришет. Ошол эле Кара-Балта менен Токмокко миллиард сом бөлүп берсек, жоготушту", - деди ал.

Мындан тышкары Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын атын Манас кылып өзгөртүү өзүнүн идеясы экенин айтты.






Ташиев Жалал-Абаддын өнүгүшүнүн сырын ачыктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: