super.kg logo

Кийинки жылдын апрелинен тартып мугалим, дарыгерлердин маянасы көтөрүлөрү айтылды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып, мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги бар экенин айтты.

Президент мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен ал көйгөйдү чечсе болорун билдирди.

"Азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде. Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар. Себеби эмгек акынын аздыгы, бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды.

Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы. Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Ошондон кийин бул көйгөй чечилет.

Мындан сырткары жыл сайын педагогикалык жогорку окуу жайлар менен колледждерден миңден ашуун жаңы адистер чыгууда. Алардын басымдуу бөлүгү мектептерге жөнөтүлөт. Ошондой эле балдар бакчасынын тарбиячыларын башталгыч класстарга тартуу, студенттерди дуалдуу билим берүү аркылуу мектепке эрте аралаштыруу сыяктуу чаралар көрүлүүдө.

Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып айлык дагы алып иштейт. Чындап келсе мугалимдин жетишпестиги дүйнө боюнча проблемага айланууда. Айрым өлкөдө төрт жүз миңдеп жетишпей жатат. Кайсы мамлекет экенин айтпай эле коёюн.

Биз мыкты мугалимдердин келишине, жетишпегендикти чечүү үчүн жаңы социалдык демилгелерди баштайбыз. Мугалимдин депозитин узак мөөнөттөгү ипотекага айландырабыз. Диплому бар иш таппай жүргөндөрдү кыска мөөнөттө кайра окутуп, кошумча акы төлөгөн ыктыярчыларды да тартабыз", - деди мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: