super.kg logo

Кыргызстандын 24 компаниясы Москвадагы эң ири азык-түлүк көргөзмөсүнө катышты

 
Москва шаарында дүйнөдөгү эң ири азык-түлүк көргөзмөлөрүнүн бири WorldFood Moscow 2025 болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Бул иш-чара салттуу түрдө ондогон өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүн, экспортерлорун жана дистрибьюторлорун чогултуп, азык-түлүк жана агроөнөр жай тармагындагы жаңы өнүгүү багыттарын аныктайт.
Быйыл Кыргызстан кеңири улуттук стенд менен катышып, анда 24 экспортко багытталган компания өз продукциясын көрсөттү. Табигый ширелер, бал жана шоколад, эт жана сүт азыктары, экологиялык таза айыл чарба продукциялары жана текстиль — мунун баары кыргыз брендин дүйнөгө таанытууда.
Катышуунун максаты — улуттук продукцияны орусиялык жана эл аралык рыноктордо жайылтуу, жаңы ишкердик өнөктөштөрдү табуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо. Улуттук стенддин ачылышы Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин катышуусунда өтүп, ал ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: