Оштогу темир бетон буюмдарын жасоочу цехтен 252 даана мамыча чыгарылды
Э
нергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында Ошто Темир-бетон буюмдарын жасоо цехи курулуп, 31-августта ачылышы болгон. 18 күндүн ичинде өндүрүштүк цех тарабынан жалпы 252 даана электр мамычалары чыгарылды. Бул жерден чыгарылган мамычалар электр тармактарынын ремонттук иштерине колдонулат.

Азыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жаткан кези, күнүнө СВ түрүндөгү 12 даанадан электр мамычалары чыгарылат. Электр тирөөчтөрүнөн тышкары фундаменттик блоктор (ФБС), колодец шакекчелери, траверстер жасалып жатат. Цехте жалпы 12 кызматкер эмгектенет.
Цех заманбап бетон аралаштыргычтар, вибропресстер, буулоо камералары жана оор буюмдарды ташуу үчүн кран жабдуулары менен жабдылган.
Белгилей кетсек, энергетика министрлигинин колдоосу жана КУЭТ ААКнын каржылоосу менен Ош электр тармактары ишканасынын базасында алгачкы жолу Темир-бетон буюмдарын жасоо цехи курулуп, 31-август- Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өндүрүштүк цехтин ачылышы орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-09-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.