super.kg logo

Бишкек шаарында жаңы ден соолукту чыңдоо комплекси жана сейил бак ачылды

 

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаарында Мурман жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан сейил бак менен Алыкулов атындагы ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комплекстин жалпы аянты 2,48 гектар. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев катышты.

Сейил бактын аймагына резина төшөлгөн балдар аянтчасы, воркаут-зона, 810 чарчы метр чуркоо жолу курулуп, 3300 чарчы метр таман таш төшөлдү. Ошондой эле көчөгө отургучтар, жарыктандыруучу чырактар, шахмат столу бар аянтча, жана таштанды урналары орнотулду.

150 даана дарак отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен 414 даана суу агызуучу жана дренаждык лотоктор орнотулду.

Аталган объект шаарды жашоого ыңгайлуу кылуу, спортту өнүктүрүү жана жашыл фондду көбөйтүү максатында ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: