super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шоумен Турсынбек Кабатов мурдагы жубайынын маегинен кийин билдирүү таратты

 

Белгилүү казакстандык куудул, шоумен Турсынбек Кабатов мурунку аялынын резонанс жараткан маегинен кийин билдирүү таратты.

Ал балдарын телефондо эч качан "кара тизмеге" салбаганын, ошондой эле ар дайым алар менен байланышта болуп жүргөнүн жазды.

"Ардактуу туугандар, мен балдарымды эч качан блокко салган эмесмин жана мен балдарым менен биргемин. Жакшы көрөм. Ушул күнгө чейин балдарым үчүн эмгек кылып келгем, дагы да эмгектенем. Кудайым баарыңыздарга ден соолук берсин",- деп жазды ал Инстаграм баракчасына.

Кабатов жеке жашоосу боюнча башка маалымат берген эмес.

Эске салсак, Кабатовдун мурунку жубайы Молдир Муканова Ютуб каналга интервью берип, жеке жашоосундагы окуяларды сөз кылган. Анда Турсынбек Кабатовдун 14 жылдан бери экинчи аялы бар экендигин, ага карабастан Муканова үй-бүлөсүн ушул убакытка чейин сактаганын айткан. Ошондой эле, учурда 5 баласы менен атасы сүйлөшпөй, алардын телефон номерлерин "кара тизмеге" киргизгенин ыйлап айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: