super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан менен Тажикстан маданий кызматташтыкты чыңдоодо 

 
Бүгүн, 4-ноябрда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда тараптар маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашып, Кыргыз-Тажик мамилелери терең тарыхый негизге ээ болуп, жалпы баалуулуктарга жана салттарга таянарын белгилешти.
Министр Мирбек Мамбеталиев 2025-жылдын июль айында өткөн Кыргызстан Маданият күндөрүн жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн Тажик тарапка ыраазычылык билдирип, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Тажикстан Маданият күндөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Өз кезегинде элчи Назирмад Ализода Кыргыз тарапка маданий жана жаштар багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстан биргелешкен маданий жана жаштар долбоорлорун ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки элдин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: