Асел Кадырбекова эстрада жылдыздарынын башын "Жаз" клибине бириктирди












Бүгүн, 21-апрелде кыргыз эстрадасынын "кампасы" Асел Кадырбекованын "Жаз" аттуу клиби менен толукталып отурат. Жаңы клибин алып кеңсебизге баш баккан ырчы бул чыгарма репертуарындагы 5-клиби экенин айтат.
Автор: Дамира Арстанова
"Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов. Ал буга чейин менин "Кеттиң башкага" деген ырыма да клип тарткан. Клипке чыгармачыл адамдарды кошуп тартуу идеясы мага таандык. Жыйынтыгында ырчылар Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Ильяз Андаш келинчеги менен, актёр Амантур жана чыгармачыл адамдар менен иш алып барып келе жаткан кыздар-балдар тартылышты. Баарыбыз чыгармачыл, бири-бирибизди тааныган жаштар болгондуктанбы, тартуу иши күлкү, шаң менен коштолуп, убакыттын өткөнүн да сезбей калыптырбыз.
Клиптин негизги бөлүгү Эркиндик гүлбагында тартылды. Монтаждалып даяр болгондон кийин негедир өзүмө анча жага бербеди. Мындан улам Бишкектин сыртына чыгып дагы кадрларды тартып кошууга туура келди",- дейт.
Асель Кадырбекова "Жаз"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме менен кириңиз. http://www.super.kg/media/?search_term=асман+тобу&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
Алматыдан салам )))
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз ырлардын тексттерин жаттап калууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, ырдын атын же аткаруучунун атын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Рахмат!
Коомдук адепке туура келбеген, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! 30 күн банга!
Сонун болуптур