Асел Кадырбекова эстрада жылдыздарынын башын "Жаз" клибине бириктирди












Бүгүн, 21-апрелде кыргыз эстрадасынын "кампасы" Асел Кадырбекованын "Жаз" аттуу клиби менен толукталып отурат. Жаңы клибин алып кеңсебизге баш баккан ырчы бул чыгарма репертуарындагы 5-клиби экенин айтат.
Автор: Дамира Арстанова
"Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов. Ал буга чейин менин "Кеттиң башкага" деген ырыма да клип тарткан. Клипке чыгармачыл адамдарды кошуп тартуу идеясы мага таандык. Жыйынтыгында ырчылар Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Ильяз Андаш келинчеги менен, актёр Амантур жана чыгармачыл адамдар менен иш алып барып келе жаткан кыздар-балдар тартылышты. Баарыбыз чыгармачыл, бири-бирибизди тааныган жаштар болгондуктанбы, тартуу иши күлкү, шаң менен коштолуп, убакыттын өткөнүн да сезбей калыптырбыз.
Клиптин негизги бөлүгү Эркиндик гүлбагында тартылды. Монтаждалып даяр болгондон кийин негедир өзүмө анча жага бербеди. Мындан улам Бишкектин сыртына чыгып дагы кадрларды тартып кошууга туура келди",- дейт.
Асель Кадырбекова "Жаз"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Мен бул клипти озумо жуктосом ачпай жатат.себебин айтып койгулачы.....
Бир ушул клипти гана ачпай жатат
Биздин порталдан көчүрүлгөн башка клиптер көрүнүп жатабы? Порталдан көчүрүлгөн видеолор mp4 форматында болот. Сиздин телефонуңуздагы же компьютериңиздеги видео көрсөтүүчү программа ушул форматты окууга мүмкүнчүлүгү жок болушу мүмкүн.
Башка клиптердин баарын окуйт.
Бул клипти жуктогондон кийин.1-кун отткон сон окуду
Рахмат!!!
Соз кыздын ырдаганында эле эмес да, видеотасма жакшы тартылган...