Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи" ырына клип тарттырды













Бүгүн, 16-июнда кыргыз эстрадасынын кампасы дагы бир жаңы клип менен толукталды. Ал - Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" ырынын клиби.
Автор: Дамира Арстанова
"Шартка байланыштуу клип тартуу иштерине толук катыша албай калдым. Идеясын, актёрлорду тандоо жагын тартуучу топ өз моюнуна алган",- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.
Клипмейкер Жоомарт Абдуразаков клип бир сутка ичинде тартылганын айтат. "Клип Бишкектен тартылды. Башындагы кадрларды гана ботаникалык бак жактан тартканыбыз болбосо, дээрлик бардык сценалар квартиранын ичинен тартылды.
Каармандар тууралуу айтсам, Анара, Эржан, Тимур аттуу бир курактагы жаштар тартылышты. Таланттуу жаштар экен, тартуу иштери жеңил өттү. Бир гана баланын майыптардын арабасынан кулаган жерин 4 жолу тарттык.
Гүлжигит Сатыбековдун сунушу менен клиптин аягын атайын табышмактуу бүтүрдүк. Көрүүчү өзү каалагандай жыйынтык чыгарып алса болот",- дейт аталган клиптин режиссёру Жоомарт.
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

гулжигит сатыбеков
чыгармачылык иштеринизге дагыда ийгилик
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи......
Тилекке каршы, бул ырчы биздин тизмеде жок. Эгер тизмеге кошулуп калса, сөзсүз жүктөлөт.
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк банга!