|
Аско
Бардык видеолор: 8
Бардык аудиолор: 14
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:05:06
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
00:04:13
00:03:30
00:04:06
00:03:40
00:03:05
Сөзү : Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Асконуку
Ал бир бай кыз эле,
Эч кол жеткис эле.
Ээрите албас бир дагы жан,
Аны бир дагы жан,
Жүрөгү муз эле!
Ал жонокой бала,
Көз салды ага.
Баары бир ага жетем деди,
Оюн бекем деди,
Сөзсүз жетем деди!
Бара-бара улам,улам,улам,улам,
Экөөнү жакындатты бул аалам.
Мына,мына,мына,мына,
Бирге айланды эки адам.
Кайырма:
Жомок кыз ай,
Өзүнчө эле,
Тим эле,тим эле,тим эле,
Жомоктогудай.
Жомок кыз ай,
Өзүнчө эле,
Тим эле,тим эле,тим эле,
Жомоктогудай.
Адамдар көп андай,
Аларды көрө албай,
Аябай баары көз артышып,
Жаман сөз айтышып,
Аларды бөлө албай.
Сүйүүнүн огу,
Сезимдин чогун,
Шамалдан өчпөс кылды,
Суудан чөкпөс кылды,
Артка кетпес кылды.
Билинбей улам,улам,улам,улам,
Экөөнү бириктирди бул аалам.
Мына,мына,мына,мына,
Бирге айланды эки адам.
Күтүлбөгөн жерден келип тузагына сени илет,
Жылуу берип ичиңден жүрөгүңдү турган тиреп.
Тунук сүйүү сага не керегин жакшы билет,
Ал анткени аалам жаралгандан бери жашап келет.
Айырмасы жок ага,
Аралык узагына.
Айырмасы жок ага,
Байлык же курагына.
Күтүлбөгөн жерден келип жүрөгүндөн илет,
Күндөн күнгө күүгө келип сүйүү күчөй берет.
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Жетигендики
Обону : Аско менен Джонниники
Сөзү : Бегиштики
Обону : Теддми
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Турдубек Чокиевдики
Сөзү : Ташкент кызы Гүл, Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Эрнист Уметалиевдики
Сөзү : Бегиштики
Обону : Аман Бержибаевдики
Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.
Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
Алгачкы күндөн таанышкан, бакыт табышкан,
Сүйүүмдү катка толтуруп, арнап жазышкан.
Кулпуруп желдей, Кудайдан келген,
Түгөнбөйт сезим сага деген,
Күнгө теңейм бир сени, билсеңчи,
Бийикте айга теңейм...
Кайырма:
Кубанычта жүрөм, сени гана сүйөт жарышгым,
Кубат берет жүзүң, жүргөндө, күлгөндө дайым.
Кыялдарымдасың, Жаратканым берген, бул дүйнөдө тең,
Назик карап жылмайсаң, аалам бүтүн нурданган.
Бир болуп биздин бактыбыз, берген антыбыз,
Убакыт өтүп шашпасын, сүйүүм сактасын.
Келечек улай, колуңду сурай,
Тилегим мага болсоң жубай
Бизге окшош балдарды жетелеп,
Ойнотсок кандай бакыт...
|