|
Байэл
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 8
00:03:52
00:04:00
00:03:02
00:03:25
00:03:43
00:03:50
Сөзү : Акбар Кубанычбеков жана Байэлдики
Обону : Байэлдики
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Доорбек Абдрахмановдуку
Обону : Доорбек Абдрахмановдуку
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Эгер билсең сулуу кыз,
Жүрөгүмдө жалын бар.
Сага гана арналган эй,
Эч ким билбес сырым бар.
Эгер билсең сулуу кыз,
Сага арналган ырым бар.
Кайырма:
Мен романтик жигитмин,
Баары бир сага жетемин.
Жүрөгүңө ачкыч табып,
Сени алып кетемин.
Бир күн Париж, бир күн Лондон, Кыялданып ойгоном.
Мен Ромео, сен Джульетта,
Болсок деп ойлоном.
Сүйүү деген кандай сонун,
Сезимди кыйнап койбогон.
Сөзү : Жакып Акимовдуку
Обону : Мирлан Давлатовдуку
Канча жолу түшкө кирип,
Канча жолу жүрөктү эздиң.
Абалыма эч түшүнбөй,
Неге менден алыс кеттиң?
Кайырма:
Ак таңдардан күтөмүн сени,
Гүлзарлардан күтөмүн сени.
Сагынычымды өзүң таркат,
Жашылдандыр сүйүү сезимди.
Сага арнап келем аппак таң,
Таттуу уйкуңдан назик ойготуп. Күтүп турам келчи тезирээк,
Алып кетем гүлгө оронтуп.
Кайырма:
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Арбалып бассам жаныңда,
Теңсинбей мени күлөсүн.
Ак сүйүүм сага арнасам,
Карабай мени жүдөттүң.
Кайырма:
Көздөрүң кара,каштарың кара,
Басканың жаным башкача.
Жылмайып карап кылыктана,
Кетпечи жаным сен башкага.
Суктанам айдай жүзүңө,
Келчи нур чачып өзүңө.
Ашыктыгымды айтайын сага,
Колуң сунчу сен мага.
Кайырма:
Сөзү : Мирбек Атабековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жазгы сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма
|