|
Аяна Касымова
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 13
00:03:54
00:03:46
00:02:17
00:03:45
00:03:44
00:04:34
Сөзү : Исабаева Жыпардыкы
Обону : Бакыт Сейталиевдики
Сөзү : Уланбек Абдрахмановдуку
Обону : Раллияныкы
Анда жазган ырлар кайра жаңырбай,
Сен алыстап кеттиңби келбей мага.
Кайра кайра ырда мага тарынбай,
Гүлдөр бийлеп нур чачкан ошол жазда.
Сен мага
Махабаттын аргымагын минип кел,
Сезимдин арасынан аралап жазда.
Сен мага
Махабаттын жалын атын чабып кел,
Сүйүүнүн калаасынан.
Сага, мага келген,
Ал сезимдер терең.
Кайра,кайра келбей сүйүү,
Сүйүү деген.
Мага, сага келген,
Ал сезимдер терең.
Кел басалы дагы,дагы чогу
Сүйүү менен,
Сүйүү менен.
Сени, мени ала качкан бактым ай,
Жан дүйнөмдү ачкан, сезим сырлар.
Сени менен аткан, аткан таңым ай
Кайра кайра ырдалган сүйүү ырлар.
Сен мага
Махабаттын аргымагын минип кел,
Сезимдин арасынан аралап жазда.
Сен мага
Махабаттын жалын атын чабып кел,
Сүйүүнүн калаасынан.
Сага, мага келген,
Ал сезимдер терең.
Кайра, кайра келбей сүйүү,
Сүйүү деген.
Мага, сага келген,
Ал сезимдер терең.
Кел басалы дагы,дагы чогу
Сүйүү менен,
Сүйүү деген.
Кайырма:
Элим үчүн жүрөк оорусун,
Жерим үчүн жүрөк оорусун.
Элим үчүн жүрөк оорусун,
Жерим үчүн жүрөк оорусун.
Асманда учкан ак кептер,
Айланып кайтып бир келер.
Атадан калган асыл жер,
Арманым айтам укса эл.
Кайырма:
Жалындуу жүрөк тутанып,
Жашоого жаным чырмалып.
Турмуштан туура жол таппай,
Жүрсөм да элден, жерден адашып.
Кайырма:
Аманат айтам агайым,
Анты бар ар бир жигиттин.
Атадан калган жер үчүн,
Ападан калган эл үчүн.
Кайырма:
Байкабай тагдырымды сөгүптүрмүн,
Буулугуп көз жашымды төгүптүрмүн.
Билбестен сүйүүм башка жан экенин,
Бекерге кайгы-муңга чөгүптүрмүн.
Жылдарга алдангансып өтүптүрмүн,
Жамгырга жалын болуп өчүптүрмүн.
Жүзүнөн күн сүйбөгөн алсыз гүлдөй,
Жашынып көлөкөдө өсүптүрмүн.
Жазмышда оңго айланып солдорубуз,
Жашоодо кайчылашып жолдорубуз.
Жек көрүп кайра анан жактырышып,
Жаңы эле кармашканда колдорубуз.
Зар болдум бир көрүүгө карааныңды,
Зарыгам билбейм кайда кабарыңды.
Заманам куурап сенсиз баратса да,
Зордобойм билсең болду жагарыңды.
Ар убак сен жөнүндө ойлономун,
Апкаарып элесиңен толгономун.
Ал тургай түшүмөн да сени көрүп,
Ак таңдан сени сурап ойгономун.
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : А.Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Энем ай, алдейлеген,
Ак жылдыздай алыс тура.
Арабыздан жылдар өттү,
Акты дайра...
Тай-тайлаган таттуу үн кайда?
Там-туң, тум-таң баскан күн кайда?
Алпештеп ай баккан түн кайда?
Алыстаган асыл күн кайда?
Айланайын асыл энекем,
Теңдиги жок асыл берекем.
Ак сүтүңдү мен актаар бекем?..
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Таалай Бейшеевдики
Ааламды жеке билсе да,
Алтындан үйгө кирсе да,
Асманда жылдыз аралап,
Бакытка тойбойт адамзат.
Сагынтып дайым турса да,
Кусалык бакыт сунcа да,
Жылуулук сезим аралап,
Сүйүүгө тойбойт адамзат.
Кылымды кыйла көрсө да,
Кызыкты өзү бөлсө да,
Кырчындай жаштан айрылып,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Жанында өмүр турса да,
Жалтантып кылыч сунса да,
Ирмелбей көзү тунса да,
Үмүткө тойбойт адамзат.
Бакытка тойбойт адамзат,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөмүн сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж.Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
Керек эмес күндөр бекер күйгөнү,
Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү.
Табам десең келечекти жаркыган,
Тазалыктан башта үйдөгү.
Кызыл туудай желбиресек оболоп,
Кыргызстан эртең гүлгө оронот,
Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу,
Биз оңолсок, заман оңолот.
Кайырма:
Билим болуп жолдошуң,
Минип акыл жоргосун,
Ала-Тообуз сени колдосун.
Жалгызмын деп ой кылбай,
Кошул биздин толкунга,
Куралат деңиз тамчыдан.
Если хочешь что-то изменить вокруг,
Ты найди слова надежды и любви.
Руку дай тому, кто верит и пойдёт
За тобой в далёкий, верный путь.
Пусть услышит мир дыханье гор твоих,
Как блестят озёра и поют ручьи.
Пусть всегда цветёт земля от слов твоих,
Вместе мы сберечь её должны.
Кайырма:
Булутту камчылай өмүр күүсү уланат,
Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп...
Бакыт кушу конобу деп жергеме,
Балдарынан үмүт кылат эл деле,
Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк,
Жалын жашты берди эмнеге?
Кайырма:
|