|
Турдакун Ниязалиев
Бардык видеолор: 10
Бардык аудиолор: 18
00:04:08
00:03:21
00:03:55
00:04:04
00:03:33
00:03:31
00:03:33
Сөзү : Турдакун Ниязалиевдики
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Кимге байлык берилсе, берешен болсо экен,
Бөлүшсө жакырларга, карыны тойсо экен.
Жоомарттык бийик сапат, жалпысы жактырган,
Сараңдык жерде калсын, жалпысы жат кылган.
Кимге мансап берилсе, адилеттүү болсо,
Аткарган иш эмгеги, акыбеттүү болсо.
Уруулук кыянаттык жат болуп жанына,
Аманат алар үчүн касиеттүү болсо
Кимге күч кубат берсе, жөнөкөй болсо экен,
Ийилип турса дайым, купулуң толсо экен.
Текебер болсоң пендем, эч кимге жакпайсың,
Жупунулук менен гана баркыңды сактайсың
Жеримде бейпил, тынчтык, береке, кут болсун,
Элимде уят, намыс, каниет, бүт болсун.
Кылымдар бою кыргыз өлкөсү бар болсун,
Кыйын кезеңде сага Кудайым жар болсун.
Сөзү : Т.Ниязалиевдики
Обону : Т.Ниязалиевдики
Жаркырап тур, жарыңа күлүп жайнап,
Сылык сүйлөп, сөздөрдүн гүлүн тандап.
Башыңды ий, ал сенин падышаңдай,
Мээрим төккүн, күн, айдай сүйүүң арнап.
Кайырма:
Алга сүрөп, өйдөдө өбөк болгун
Дайым колдоп ылдыйда жөлөк болгун.
Кайгы басып, башына сыноо түшсө,
Жанында бол, таяган тирек болгун.
Өйдө-төмөн, турмуш оор татаал болот,
Бирде бакыт, кээ күнү катаал болот.
Ынтымакты туу тутуп жашаганда,
Ырыс орноп, башыңа бакыт конот.
Кайырма:
Гүлдөй болгун, ал сага белдей болот,
Күндөй болгун, ал сага жердей болот.
Кечиримди ар дайым алга койгун,
Мына ошондо үйүңө кут орнолот.
Кайырма:
Жүрөгүм самап, кооз дүйнөгө азгырылып барат,
Алоолоп күйүп-жанат, ырахат каалап.
Бакытка талпынып, байлык топтоп,
Жаңырып ал туруп, бирок таппадың бакыт,
Байлык бар туруп.
Кайырма:
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Жок, жок, ойлогондой болгон жок,
Каниет кылсаң гана ошондо көңүл ток,
Кайгы-капа жок.
Атактуу болуп таанылсам элге
Башыма бак конот деген кыялың жалган,
Кайгыга салган...
Эркиндик сен жакта, кызыктын баары сен тарапта,
Алыс болосуң дайым кеп-ушактан.
Кайырма:
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө
Пейилди кенен кой,
Чалкыган көлдөй терең бол.
Напси эч тойбойт дүнүйөгө.
Сөзү : Жамалбек Изабековдуку
Обону : Жамалбек Изабековдуку
Сөзү : А.Туткучевдики
Обону : А.Туткучевдики
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым далай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим самап,
Күттүң го жолум карап,
Кең жайып тасмалыңды.
Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка-бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе да,
Алмашпайм эч ким менен.
Байтерек карааныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.
Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке, кантип актайм,
Ак сүтүң эмгенимди?
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Сөзү : Турдакун Ниязалиевдики
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.
Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.
Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Кем болдум деп турмушуңа арданба,
Кейибегин ырыскың бар жалганда.
Кызыгына терең түшүп, берилип,
Кур дүйнөнү кумар тутуп алданба.
Кайырма:
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.
Мансап үчүн башың жерге салбагын,
Мээнет кылчу элден калбас бар жаның.
Жер үстүндө тилек кылып жашасаң,
Жүрөк менен тапса болот калганын.
Кайырма:
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.
Роббун Рахийм
Баррун Карийм
Хаййун Азыйм
Маалик Алийм
Нуурун Халийм
Куддуус Хакийм
Кавий Латыйф
Гоний Матийн
Кайырма:
Антал - Гафуур
Анташ - Шакуур
Антал-Вадууд
Антас-Сабуур
Антар-Рахмаан
Антар-Рахийм
Антал-Гаффаар
Антас-Саттаар
Аллохумма
Солли Алаа
Хабийбинаа
Алмустофаа
Аллоохумма
Солли алаа
Саййидинаа
Алмустофаа
Валий Мажийд
Афуу Хамийд
Таввааб Шахийд
Коййуум Рошийд
Хоофид Басыйр
Маажид Хобиийр
Роууф Мужийб
Зоохир Хасийб
Кайырма:
Сөзү : Б.Акматов, Т.Ниязалиевдики
Обону : Т.Ниязалиевдики
Чарчап келсем кубатым сен,
Жылмайып тосконуң ай-күнгө тең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Кайырма:
Кандай сезим сүйүү деген?
Балдай сезим сүйүү терең.
Жароокерим, өзүң барда.
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жароокерим, өзүң барда,
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жүрөгүм сүйүп алганымсың,
Жүдөсөм үмүт байларымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Кайырма:
Сени менен жашоо таттуу,
Кечирген күндөрүм салтанаттуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайырма:
Сөзү : Т.Ниязалиевдики
Обону : Т.Ниязалиевдики
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен.
Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан эстүү кылган
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
|