|
Мыктыбек Нурланбеков
Бардык видеолор: 9
Бардык аудиолор: 22
00:08:06
00:04:09
00:04:08
00:03:48
00:03:44
00:03:37
00:03:57
Сөзү : Мыктыбек Нурлановдуку
Обону : Акбар Кубанычбековдуку
Сөзү : Ашира Кулишеваныкы
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : Ашира Кулишеваныкы
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : Бактыгүл Сейитбекованыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүңгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң, тургай атын укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өңүп.
Кайырма:
Сөзү : Совет Урманбетовдуку
Обону : Шеркул Дүйшөналиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Атабек Жураевдики
Сөзү : С.Шимеевдики
Обону : У. Сыдыковдуку
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Жылмайдың сен, жакын адамың
Жыл айланып көргөндөй,
Жүз көрүшүп таанышкандай,
Жүрсөң болду өзгөрбөй.
Сени тапкан ал мезгилдин
Күндөрү керемет гүл өмүрдөй,
Жүрөктөгү сезимдерге,
Сулуулук бердиң өзүңдөй
Кайырма:
Сени сүйдүм, дагы эле сүйдүм,
Арбалып мөлтүрөгөн жүзүңө гүлүм.
Тапкан бактым, мендик болоруңа жаным
Ишенип турам бүгүн.
Көздөрүңдү көргөн күндөн,
Бактылуу жан жок мендей,
Аппак гүлгө салыштыргам,
Айдай жүзүң көргөндө
Жан дүйнөмдүн байлыгы бол
Жылуулук табайын бир өзүңдөн.
Максаттарга жетелеген,
Жарым болчу өмүргө.
Сөзү : Алыкул Осмоновдуку
Обону : Максат Сулайманкуловдуку
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Араб элиники
Сөзү : Болот Малаевдики
Обону : Болот Малаевдики
Сөзү : Ж.Кенжебаеваныкы
Обону : М.Нурланбековдуку
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мыктыбек Нурланбековдуку
Сөзү : М.Макатаевдики
Обону : К.Ибраимовдуку
Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.
Каректериң шуру сымал,
Карагаттай шактагы.
Үлбүрөгөн жүзүң сенин,
Жүзүң аппак пахтабы?
Сылагандай саамайыңдан,
Сыдырым жел ак таңы.
Магдыраттың мени, жаным,
Махабаттын асманы.
Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : М.Ниязовдуку
Көл беле көзүң,
Көргөндө чөгүп кеттим.
Бактымдай, таптырбай көп издеттиң.
Күн кечип жүздөгөн,
Өмүрдү кезип жүрдүм.
Көңүлүм түз белем,
Өзүңдү кезиктирдим.
Кайырма:
Сагынган жазды тоскомун,
Сабыр кыл, мезгил, токтогун.
Аккууга жанды кошкомун,
Ашыкпа, мезгил, токтогун.
Таалайым тапкан окшодум,
Талпынба, мезгил, токтогун...
Токточу мен
Узарткым келет
Ушундай жакшы күндү.
Талбайын, арнайын ак сүйүүмдү.
Саатыңды караба,
Унутчу убакытты.
Сага да, мага да
Буюрду бул бакытты.
Таалайым тапкан окшодум,
Токточу, мезгил, токтогун...
Өрүлгөн жаштык отторун
Өчүрбө, мезгил, токтогун.
Сөзү : Баян Акматовдуку
Обону : Баян Акматовдуку
Сөзү : Каныбек Иманалиевдики
Обону : Райхан Бейшеналиеваныкы
|