|
МУЗАМАН тобу
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 16
00:05:28
00:03:40
00:03:15
00:04:34
Сөзү : С. Өмүрбаевдики
Обону : К.Эралиеваныкы
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Бириктик жан болсок да эки бөлөк,
Мен сага, а сен мага тирек, жөлөк.
Мөмөлөгөн дарактай эне болуп,
Аппак уул, Кызыл кызды бердин төрөп.
Кайрыма:
Кыйбасым, кыйындыктан бирге болдуң
Ысыкка бирге күйүп, бирге тоңдуң
Бакубат ушул күндөр узак жашап
Убайын көрсөк экен, урматын көрсөк экен ошолордун
Тирликтин сапарына шыр аттанып,
Түндүктөн түтүн булап, чырак жагып.
Иштен келсең үйүбүз очор-бачар,
Өзүнчө мамлекет сыяктанып.
Кайырма:
Жалганбы, бала үйдүн куту экени?
Көзүбүз бала десе төрт экени.
Жалганбы мекендин койнундагы?
Ар бир үй өзүнчө эле өлкө экени.
Кайырма:
Сөзү : Максат Кулуевдики
Обону : Максат Кулуевдики
Көргөнүмдө көчөдөн,
Көңүл оттой көзөлгөн.
Көк сулуум деп ырдаштан,
Кеммин чиркин Өтөдөн.
Өңүмдө эмес түшүмдө,
Болдум турмуш өтөгөн.
Кайырма:
Илбээсиндей басканың,
Имерилген каштарың.
Кайдан мага көрүндүң,
Карегимди жаштадың.
Боору белең асканын,
Боюм ылдый таштадым.
Түгөнгүр кайдан жолуктуң,
Түшүп кетти асманым..
Ошол күндөн,өмүрдөн..
Ой мүдөмдү төрт бөлөм;
Кан таламай турмуштан,
Кайра кайра өкчөлөм.
Жанар тоого, жамгыр бол,.
Дагы канча өртөлөм.
Сөзү : А. Атамбаевдики
Обону : А. Атамбаевдики
Мен кайырчы, мен сүйүүнүн кайырчысы,
Шылдыңдаба, мен сүйүүнүн кайырчысы.
Алдыңа жалбарып мен барсам да,
Карабай кеттиңби сен назданып?
Кайырма:
Ким мени түшүнүп, түшүнүп,
Жигитим деп жүрө алат?
Ким мени сүйүп, сүйүп,
Сүйгөнүм деп сүйө алат?
Алдыңа барсам дагы,
Адашып ак жолумдан,
А сен түшүнбөдүң.
Мен таарынбайм тагдырдын жазганына,
Өкүнбөйм, өзүңсүз калганыма.
Арзуумду түшүнбөй сен жүрсөң да,
Табылар мага да бир өмүрлүк жар.
Кайырма:
Мекенди бийик барктайлы,
Биримдик менен сактайлы.
Келечек жаңы мезгилден,
Үмүтүн элдин актайлы.
Кайырма:
Кыргызым жаңы мезгилде,
Бербестен эркин эч кимге.
Даңаза болсун элибиз,
Замана жаңы мезилге
Кыргызым ырыс-кешигим,
Жолунда кылым көчүнүн.
Жарышсын жаңы мезгилге,
Ала-Тоо - алтын бешигим.
Кайырма:
Караңгы түндө калганыңда,
Караңгылап адашканыңда.
Кара короз кыйкырганга чейин,
Караан болуп турсам сонун да.
Кый-короз а кыйкырганга чейин,
Кый-короз а кыйкырганга чейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Дадагаң болуп эле кетейин.
Мен сүйөмүн.
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп эле кетейин.
Дүмүрлөргө чалынарың да,
Мүдүрүлүп жыгыларың да.
Жүгүрүп барып жаныңа да,
Сүйөп бир турсам, сонун да.
Мүдүрүлүп, жүгүрүп жетейин,
Мүдүрүлүп, жүгүрүп жетейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Дадагаң болуп эле кетейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп эле кетейин.
Суу көтөрүп чакаларыңа,
Бейкапар келатканыңда.
Ала дөбөт "ав" деп чочутканда,
"Ап-аптап" турсам эле сонун да.
Ап-ап-ап-ап-ап-ап-ап-апаккайым,
Ап-ап-ап-ап-ап-ап-ап-апаккайым
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Аппак таңың болуп эле атайын.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп кетейин.
|