|
Иса Өмүркулов
Бардык видеолор: 17
Бардык аудиолор: 44
00:04:15
00:04:02
00:03:30
00:03:45
00:03:48
00:03:23
00:04:27
Сөзү : Иса Өмүркуловдуку
Обону : Иса Өмүркуловдуку
Я коснусь тебя и ты водишь
Я зайду с тобой в эту воду
Не боюсь твоего океана
Я запутался в сетях твоих
Припев:
Утопи меня в этом океане
И никто не расскажет
Разбудила ты меня,я в капкане
Утоли мою жажду
Ты пытаешь меня своей лаской
Не пугаешь меня,я не сдамся
Не боюсь твоего океана
Я готов нырнуть туда сам
Сөзү : Какен Алмазбеков
Обону : Орозбек Кутманалиев
Жылмайсаң жылдыз көргөнсүйм
Жылынып сага көнгөнсүйм,
Жарыгым жалгыз сен ал деп
Жанымдын жармын бөлгөнсүйм.
Капкара көзүң моймолжуп
Карагат кадап койгонсуп
Маңкайып турсаң жанымда,
Магдырайт көңүл тойгонсуп.
Айым сен 15 жаңырган
Айланып чыкпайм жаныңдан.
Кашымда бир пас жок болсоң,
Кайышып кетет кабыргам.
Айбы же күнбү дегидей
Аппаксың жаным перидей.
Алтыным сени коргөндо мен,
Аз эле калам эрибей.
Кызылың кызыл агың ак,
Кызыгам сага ар убак.
Жүзүңдөн алып кубатты,
Жүрөктү жүрөм дарылап.
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Сөзү : Аман Акматалиевдики
Обону : Алымжан Рузиевдики
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?
Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.
Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
Сөзү : Аман Акматалиевдики
Обону : Иса Өмүркуловдуку
Сөзү : Аман Акматалиевдики
Обону : Иса Өмүркуловдуку
Сөзү : Аман Акманалиевдики
Обону : Чет элдики
Уланып салты бул кыргыздын,
Ак тою бүгүн уул-кыздын.
Узатып турмуш жолуна,
Салтыбыз экен бул биздин.
Кайырма:
Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.
Аттанып турмуштун жолуна,
Түштүңөр бакыт соңуна.
Бир болуп тилек-оюңар,
Бир чыкчу бийик тоо мына.
Кайырма:
Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.
Жүрөктө сүйүүнүн гүлү өскөн,
Жар болдуң аруу тилектен.
Башыңа бакыт кут конуп,
Салындың жоолук жибектен.
Кайырма:
Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.
Иса Өмүркулов "Алия"
Кайырма:
Али, Алия, сүйөм сени дайыма,
Али, Алия, тартылам жаным сага.
Али, Алия, үмүт берчи сен мага,
Али, Алия, жүрөгүм арнайм сага.
Жоогазындай сенин көркөмүң,
Арбап алды кара көздөрүң.
Тоготпойсуң сырдуу жылмайып,
Кыйнадың го, байкуш жүрөгүм.
Кылыктанып неге кыйнайсың,
Сезимдерим кабыл албайсың,
Жомоктон чыгып келдиңби сен,
Эркелеп дайым назданасың.
Кайырма:
Бийлеп берчи көңүл жыргасын,
Көз карашың жүрөк туйлатсын.
Кыялымда сени жетелеп,
Өмүр бою сүйүү арнайын.
Кылыктанып неге кыйнайсың,
Сезимдерим кабыл албайсың,
Жомоктон чыгып келдиңби сен,
Эркелеп дайым назданасың.
Кайырма:
Балбылдаган көзүң беле шам чырак,
Байкасаң, жакшы сөздөр айтылат сенин дарегиңе.
Ошол күндүн элесине байлангам,
Жолуңдан тоссо көлөкөңө кошо айлангам.
Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.
Кадырыңа жетсем деген жигит көп,
Карматпай ал ансайын бийиктеп кайда умтуласың.
Сырдашалы келчи бүгүн кечинде
Сындырып шагын мунурасын, жаным, кечирбе.
Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.
Көздөрүңдөн мөлт-мөлт жанган карындашым,
Көлөкөңдөй ээрчип жүрүп катты башым.
Капа кылсам жалгыз болом жарым жаным
Кандай кымбат сенин мага тамчы жашың
Караныңдан кагылайыным.
Кайырма:
Карындашым менин,
Кабагыңдан сенин,
Жакындаба дедиң
Кагылайын менин.
Эркелетип обон созсоң угар белең,
Же укпастан кылыктанып турар белең.
Бултуңдаган таарынчагым алмаштыргыс,
Келчи мага бек кысайын койнум кенен.
Кадамындан кагылайынын.
Кайырма:
Кара көз карлыгач карындаш
Жашоодо жаныма жалынды ач.
Кара көз карлыгач карындаш
Жашоодо жаныма жалынды ач.
Кайырма:
Аскалуу ак бийик тоодой,
Көркөмүнө көзүң тойбой,
Айта берсең сөзүң жетпейт чегине.
Кылымдардын агымында,
Кыргызстан деп аталып,
Мекен болуп келет кыргыз элине.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Алга, алга!
Алгалай бер ал-күчүң барда.
Эркиндикке бөлөнүп,
Элиң сансыз көбөйүп,
Өркүндөй бер, өсө бер, талба.
Атагың бар алыс кеткен,
Көтөрүлүп Айга жеткен,
Ата Журтум, кадыр-баркың жогору.
Кыргыздардын ким экенин,
Өзгөчөлөп маалымдайт,
Манас баатыр басып өткөн жолдору.
Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.
Кайырма:
Сөзү : Ж. Алыбаевдики
Обону : Т. Казаковдуку
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менегн үйкуруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.
Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон
“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.
Кайырма:
Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
Кайырма:
|