|
Каныкей
Бардык видеолор: 16
Бардык аудиолор: 50
00:02:58
00:03:29
00:02:56
00:03:17
00:03:08
00:03:36
00:03:12
Сөзү : Каныкейдики
Обону : Каныкейдики
Сөзү : Каныкейдики
Обону : Каныкейдики
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Сөзү : Баястан, Жаңылай Кекеева, Максат Орозумбетов, Акназар Сулайманкуловдуку
Обону : Эрнест Уметалиев, Аман Бержибаевдики
Дүйнөгө тарап тамыры,
Маалымдап түркүн тагдырды.
Мекениң, эл-жерди даӊктап,
Алдыӊа койгонсуӊ бир максат.
Бүгүнкү учур талабы,
Гүлдөп интернет ааламы.
Умтулуп алдыга дайым,
Кылым басып өтсүн кадамыӊ.
Кайырма:
SUPER.KG, сен жалында,
Жагымдуу кабар берип калкыңа.
Күн-түндөп иштеп, баркыӊ бийиктеп,
Бааласын сени журтуӊ да.
Замандын болуп күзгүсү,
Жакшынын болуп үлгүсү.
Өркүндөп, гүлдөдүӊ жаздай,
Өз жолунду ула, алгалай.
Дем берип элдин колдоосу,
Кабардын болуп чордону.
Маалымат-маанайшат портал,
Максатыңа жеткин талыкпай.
Кайырма:
Маанайды көтөргөн келди бизге маалымат
Жанды жыргаткан super.kg порталдан.
Жылдан-жылга колдоп турат бизди дайыма,
Жаңыланып кабарлар тарайт кыргызымдын баарына.
Жаштарга да, улууга да, алыска да, жакынга,
Айылга да, шаарыңа да, окуп жаткан адамга.
Алга карай жашагын сен, кадам салып далайга,
Анткени маалымат-маанайшат портал жаныңда.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Неге, тагдыр, сен аядың экен?
Жаштыгымдын жалгыз арманы.
Жалгыздык жандап, караңгы каптап,
Өттү, өттү жаштык өмүрүм.
Кайырма:
Жарк эткен күнгө,
Зар болуп күндө,
Күйбөй отум күндө кубарат.
Капыстан калган, жалгыздык арман,
Коё бербеди мени жанынан.
Көрбөдүм жайды,
Көгүлтүр барбы?
Көргүм келет ачык асманды.
Караңгы түндө, жалгызмын күндө,
Зар боломун жаштык өмүргө.
Кайырма:
Сөзү : Элмирбек Иманалиевдики
Обону : Жолдош Апасовдуку
Күлгүндү күнгө кактабайт, бегим
Күмүштү күлгө таштабайт, бегим
Сырганы сыңар сактабайт, бегим
Сыр аяк турса аттабайт, бегим
Күңгөйдө күкүк мен элем, бегим
Күйкөгө качан жем , элем, бегим
Кулаалы салбайт акууга, бегим
Куп келген теңим сен элең, бегим
Мен эстеймин ар бир күндүн өңүн
Эске түшөт ар түркүн өмүрүм
Учкан ойго турмушум алсыз
Жашаганга дарман жетпей жансыз
Кайырма:
Жансыз өмүр учат кайда,
Жашагым келет, бирок жок айла.
Тереңдикке түшкөн алсыз демим,
Ойлондурат мени кайра-кайра
Жансыз өмүр кайда...
Кылт этип тамчы тамгада
Кыян жүрүп сел өтчү
Кыйналып өткөн жолоочуу
Кылчайбасмын деп өтчү
Тар кечүү, тайгак жолдо көрүшөбүз.
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
"Кыялымда"
Жашырба жаз келээриң дагы да бир күн.
Жараксыз күндөр калса да сезим түркүн
Жашыймын көп эстеп мен ал күндөрдү
Кырыңды салба тагдыр мендей жаш кызга
Кайырма:
Кыялымда, кыялымда
Учсам дейм, консом дейм ар бир күндүн багына
Оюмда жашаймын көгүлтүр асманда,
Сынга алып канатымды жаралаба.
Издегеним бар болуп жерден табылса,
Конгонум болот турмуштун багына.
Кайырма:
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Куурчактарга барам
Кумарымды жазам
Сен эмнени ойлондуң?
Мен да ошону ойлодум.
Куурчактарга барам
Кумарымды жазам.
Мен куурчак, сен куурчак,
Куурчакпызбы сезими жок?!
Мен чарчадым көркоо адамдардан,
Мен чарчадым куру ушактардан.
Мен чарчадым калп күлгөндөн
Мен чарчадым адепсиз сөздөрдөн.
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Экөөбүз бири-бирибизге жарашчу элек,
Мен ойлочу элем келечекте бирге болсок экен деп.
Көрсө, тагдыр биз ойлогондой болбойт тура,
Бактылуулар баалашып, таалайлуулар талашып,
Кетип калат тура...
Кайырма:
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Башкаларды күнөөлөгөн ката.
Мен да түшүндүм сени,
Сенин абалыңа келдим.
Бирок анткен менен,
Адамдын өзү татаал...
Сен мага айтпа, сансыз убараланба,
Мага караба, сезимге жараланба.
Жолдор алыста,
Жашоо, тагдыр, буйрук.
Сөзү : А.Алымов, Добрдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
"Супер" менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы, өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың? Биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Сезилет го ал жомоктой,
Тартылат сыйкыры бардай.
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп,
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен, эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
"Супер" артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун ал тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың?
Жазды күтүп кеч күздө жан оорутуп ыйладың.
Бардыгы сен үчүн,
Кабагыңды бүркөбөчү.
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң заардан.
Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң?
Караңгыга жашынып, неге калдың адашып?
Бардыгы сен үчүн,
Кабагыңды бүркөбөчү,
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң заардан.
Неге сен, неге сен гүл өмүргө ишенбейсиң?
Тарчылыкка малынган тагдырды таш боор дейсиң.
Убакыт термелет,
Термелип жан кейитет.
Кайрымдуулук жашаган,
Жан дүйнөңө жылуулук бер!
Сөзү : Чыңгыз Алиевдики
Обону : Чыңгыз Алиевдики
Осенний вечер. Улица пуста.
Толпа людей в конце забытого проспекта.
Сидит старик, вновь закурив, и сжав уста,
А взгляд печальный потерявшись, плачет где-то…
Вдали вершины гор бледнеют, видно еле…
Торчит последний за дверями этаж…
В локомотивах где-то там слегка заело…
Смотрю на сизый затуманенный пейзаж.
Кайырма:
Город! Баю…
Завтра день начнется новый
Где же? Не знаю…
Город – старый мой знакомый
Город! Баю…
Завтра завтраком накормят
Где же? А-у-у…
Город – старый мой знакомый
Поет ворона гадкий «кар» в дуэте с эхом,
Усталый город начинает тяжкий храп.
В консервах едут пассажиры в ритме техно…
Какой печальный и скучающий этап.
Вдали вершины гор бледнеют, видно еле.
Торчит последний за дверями этаж.
В локомотивах где-то там слегка заело.
Смотрю на сизый затуманенный пейзаж.
Кайырма:
Капалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмдү булгады.
Жамгыр төккөн талаада,
Жылаңайлак мен чуркадым.
Эрким жетпей сага багынып,
Чоң жолдо адашыпмын.
Чалынып сенин торуңа,
Жашапмын кайгыда.
Коё бергин мени, кайгы,
Мен эми башкамын.
Канат байлап колума,
Учуп чыгам алыска.
Канча кырды аша албай,
Өз оюма жете албай.
Кыял ичтен шыбырап,
Үнүм чыкпай түш курап.
Жүрөгүм соккон дабышы,
Сага багына албады.
Учкан ой үмүт тапканда,
Түшүндүм баарына.
Коё бергин мени, кайгы.
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр,
Ойлондурду мени кайра ал түндөр.
Бийиги чоң бурулбаган аскалар,
Бурулбаса да, адамдар табышаар.
Кайырма:
Кайрылбай жандар кетсе,
Капага малынган кезде, аай,
Турналар учкан кезде,
Туруп кала берсек эмне?
Ойдуңү чоң орундалган агымдар,
Оргуштап аккан күндөрдү да табаар.
Асылы бар аргымактуу адамдар,
Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар.
Кайырма:
Тура албай калгандар,
Кайра, кайда бара алаар.
Мейли кетсе, бирок
Тагдырлар жолугаар.
Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың.
Жазды күтүп кеч күздө, жан оорутуп ыйладың.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң,
Карангыга жашынып, неге калдың адашып.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен - гүл өмүргө ишенбейсиң,
Тарчылыкка малынган тагдырды “ташбоор” дейсиң.
Убакыт термелет,
Термелип жан кейитет
Кайрымдуулук жашаган,
Жан дүйнөңө жылуулук бер!
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эрик Кадырбаев
Канча жолу өчүп кайра тирилдик,
Касиеттүү эл катары билиндик.
Кара келип боздобосун энелер,
Калкыбызда болуп дайым биримдик.
Кыргызстан,
Кандай жер сага теңелет
Карачы кандай керемет
Менин жерим
Кыргызстан
Ажайып көркү ачылат
Карачы кандай нурданат
Менин элим.
Баары күтөт жакшы заман келишин,
Бак тигели, балдар жесин жемишин.
Наркыбызды сактап бекем туралы,
Намыс үчүн, мекен үчүн, эл үчүн.
Кайырма:
Каныбызда мөл булагы агылат,
Каректерде шам чырагы жагылат.
Дүйнөдө жок мындай жерди издесең,
Биздин гана жүрөктөрдөн табылат.
Кайырма:
Асылдар көп залкар чыгып заманда,
Калайыктын бактысына жаралган.
Ошол үчүн бийик болуп Ала-Тоо
Байыртадан улуу кыргыз аталган.
Кайырма:
Сөзү : Канатбек Азимов, Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Бул жашоого жаралуу бир бакыт,
Бактым сенсиң.
Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм,
Сага деген жанымды аябайм.
Аздектеген жашоомдун ак маңдайы,
Жаркыным менин.
Кайырма:
Мен кубанам жашоонун барына,
Сени менен бир болгон жазыма.
Сага окшош менин да мүнөзүм ай,
Жөлөгүң болоюн.
Мен кубанам өзүңдүн барыңа,
Жашоомо бек берген таңыңа.
Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат,
Жашоо дагы нурданат.
Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган,
Чексиз эркин жашооңо байланам.
Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам,
Кубатым сенсиң.
Кымбатсың сен баарынан туулган жерим,
Кыйналып, алсырасам арка бел.
Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным,
Мекеним менин.
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн.
Айтайын деп дарманың жок айтышка,
Башты салып кайра артка барышка.
Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимдерге нелер гана чөкпөгөн.
"Жылуу кийин! Жолдор узак!"- дешчү эле,
Кыйын күндө апаң жапкан нанды эсте!
Кайырма:
Сен кайгырба "көңүл калды" деп,
"Өмүр жарды" деп, садага.
Сага арналган ар бир күнүңдү теңебегин санаага!
Кантсе да жашоо - белек!
Таарынбагын, тагдыр өзү тараза,
Таарынганда айтчы, жаным, не пайда?
Бул күн өтүп, нечен күндөр таң атар,
Өзүңдү өзүң кечире бил, садагам!
Кайырма:
Сөзү : Кубанычбек Маликовдуку
Обону : Элдики
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.
"Күйсөң күй" деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң,
Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?
Сөзү : А.Алымов, Добрдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
Супер менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган, жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Эмгек менен ал талыкпай,
Тартылат сыйкыры бардай.
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
Супер артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун ал тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
|