|
Кундуз Канатбек кызы
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 12
00:03:57
00:03:49
00:03:15
00:03:51
00:03:25
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Мен бир өзүңө арнап келем ак сүйүүмдү,
Сен теңеп күнгө арттырасың үмүтүмдү,
Арбалам күндөн-күнгө.
Кайырма:
Кыялды ээлеп алган жүрөк ээси сен,
Сагынып самап турам сени дайыма мен.
Бакытты тартууласа эгер махабат,
Бир гана сени менен даамын татсам дейм.
Сен багындырдың жалгыз жүргөн жүрөгүмдү,
Мен айттырбастан сезип турдум сүйөрүңдү,
Тагдырлаш жалгызым сен.
Кайырма:
Бир көрүп бүгүн сүйүүмө мен да кезиктим,
Бир көрүп сени бакыттын даамын сезипмин, теңимсиң.
Атыңды жүрөк түбүнө катып бекиттим.
Жүрөгүм оттой жанат согуп,
Келдиңби дүйнөмө жаз болуп.
Кайырма:
Башкача караймын наздана,
Жан дүйнөмдө жанган нурдай таптаза.
Тилегеним, бакыт бизден качпаса,
Жансың башкача.
Таарыныч ортодо жанса да,
Алмаштырбайм бир өзүңдү башкага.
Сүйүнөмүн мен өзүңдү тапканга,
Жансың башкача.
Теребел мага жылмайып колун сунгандай,
Ай-жылдыз бизге суктанып карап тургандай, бул кандай?
Сакталып сүйүү сезимдер жүрсүн булганбай.
Караймын талбай каректерим,
Кетпегин жанымдан, кетпегин.
Кайырма:
Жаздай жаңырамын,
Айдай ачыламын,
Ыйык махабатка
Булактай тазарамын.
Кайырма:
Менин сүйүүм сен үчүн арналат,
Алгачкы жолуккан маңдайыма
Тагдырга моюн сунам.
Байланып өзүңө сезимдерим,
Баркыңды сезип турам.
Учкан сезим менен,
Сүйүп жанып келем.
Арнап жүрөгүмдөн,
Арзуумду сага берем.
Кайырма:
Жарык дүйнө тааныткан,
Менин апакем.
Жарыгың экен мен үчүн,
Айга, күнгө тең.
Эрке кызың эмгегиң,
Актасам - деген.
Бой жетсем да түгөнбөс,
Мээримиң сезем.
Кайырма:
Апакем ай, асманымда,
Жаркырап,күлүп турган күндөй сулуу.
Апакем ай, жарыгымсың,
Мээрим төгүлгөн.
Апакем ай, асылзада,
Эң ыйык эне - деген атың улуу.
Таазим кылып өтөм өмүрдө.
Апакем ай.
Өмүр - деңиз, апаке,
А сен кемесиң.
Балдарыңа бак тилеп,
Сүзүп келесиң.
Таттуу уйкуңду бөлүп,
Кирпик ирмебей.
Таңдан кечке жолум карап,
Күтө бересиң.
Кайырма:
Сагындым, сагынам, карааныңа кагылам,
Ак жүзүңдөгү ажарыңа багынам.
Гүл алып колуңан, кыялымда жолугам,
Түйшүк тартып түн уйкумдун жогунан.
Кайырма:
Жалындап күйдүм сени кызганып сүйдүм,
Жаным алмашкыс болуп сени сүйөмүн.
Уйкуман качам сенсиз сан ойго батам,
Өзүмдөн өзүм сыздап азапка батам.
Жылгалым сен менен сүйлөшөмүн күз менен,
Жан адамга билгизбеген сыр менен,
Шыбырап айтамын сүйөм сени жаным деп
Миң кайталап жүрөгүмдөн сүйдүм деп.
Кайырма:
Сүрдөгөн жүрөктөн сезим,
Махабат биз үчүн жаралат.
Каректен нур чачып жанат,
Ал ыйык бизге махабат.
Кайырма:
Бул махабат жүрөгүмдө,
Өчпөй жанат көздөрүмдө.
Бул махабат сенде,
Бул махабат менде,
Дайым жашайт сезимдерде.
Кыялкеч жүрөктө жалын,
Сүйүүдөн нур болуп таралат.
Мендеги бул ыйык сезим,
Сүйүүдөн гана жаралат.
Кайырма:
Алгачкы ак сүйүүм болдуң эле,
Айтпадың сүйүүңдү неге дебе.
Жүрөгүм сен деди,
Намыс жол бербеди.
Балбылдап көздөрүң турган эле,
Сезбедиң сезимди, анда неге?
Таарынбайм өзүңө,
Карабай көзүңө,
Сүрдөп сенден, сүйүп келгем.
Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Кымбатым, сени эстей берем.
Кайгырбайм өткөн күнгө,
Кылыгым теңелет кызыл гүлгө.
Өчпөгөн сезим менен,
Өзүңдү эстей берем.
Ай болуп булуттан чыгып келген,
Алыстан дүйнөгө жарык берген.
Алгачкы махабат,
Ажайып жаралат.
Караса көздөрү сүрү бардай,
Сүйүүгө жүрөгүм турган канбай.
Сезимдер эртелеп,
Мага да келсе деп,
Күнү-түнү күтүп, сүйүп.
Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Өзүңдү эстей берем.
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Э.Жакыповдуку
Бир сен үчүн,
Бактым үчүн.
Өмүр сүрөм,
Өзгөрбөс сүйүүм үчүн.
Ак сезимим арбалып калган,
Ак сүйүүм арналган.
Сезимдериме кубаныч салган,
Жүрөктө бар адам,
Бир адам.
Кайырма:
Жылдыздай учам, гүл болуп ачам,
Булуттай учуп мен сага барам.
Ай болуп барам, алоолоп жанам,
Таң атпас суусу мен болуп калам.
Мен калам!
Кыялданып суктанамын,
Сагынычтан сан күндөр уктабадым.
Ак сезимим арбалып калган,
Ак сүйүүм арналган.
Сезимдериме кубаныч салган,
Жүрөктө бар адам,
Бир адам.
Кайырма:
Жылдыздай учам, гүл болуп ачам,
Булуттай учуп мен сага барам.
Ай болуп барам, алоолоп жанам,
Таң атпас суусу мен болуп калам.
|