|
Малика Дина
Бардык видеолор: 8
Бардык аудиолор: 44
00:03:39
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:04:15
00:03:10
00:03:01
00:04:19
00:03:26
Сөзү : Сайра Батыркулованыкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Көзүңдү ирмеген, махабат из менен,
Күндөрүмдөн, түндөрүмөн, издегем
Жолугуп жаным ай, жоготуп алдым ай
Кайрадан жанбаган жылдыздай
Айтпадын кабарын, мен кайдан табамын
Жалгызым ай, сагындым ай, жамалың
Припев:
Сагынам кайдасың?
Мен билбеген жайдасың
Сагынам кайдасың?
Колум жетпес жайдасын
Жылдыздар жанашып, өзүңсүз таң атып
Ал ансайын алыстадың адашып
Айлуу кеч түнүмдү, бир жүргөн күнүмдү
Ыйык сакта эч унутпа сүйүүмдү
Кези келсе анда, кезигербиз кайра
Менден жашын, сүйүүдөң сен жашынба.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Марклендики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : С.Батыркуловдуку
Обону : Б.Эсебаевдики
Чувства запутаны вдруг
Тебя я коснуться не могу
Уже не так все стало
Мне тебя было мало
Впереди преграды, давай их обойдём
Да, против правил, только мы с тобой вдвоём
За твоим крепким плечом,
Отпущу легко, всю печаль на дно и
Бридж:
Снова голова кругом, темы ни о чем
До самого рассвета
Но мы заново начнём, искать на вопросы ответ
Один ответ «Ооба»
Ооба Ооба Ооба
Медленно сузиться круг
Этих двух, уже не найдут
Им ничего не надо
Одним согреты взглядом
Торопить не стоит, для них времени нет
Да, против правил и всего один ответ
Хочу быть рядом всегда,
Ты как будто знал, что скажу я «да»)
Бридж:
Снова голова кругом, темы ни о чем
И мы заново начнём, я все же скажу тебе «да»
Один ответ «Ооба»
Ооба Ооба Ооба
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Карай албай көздөрүңду,
Карегинден, ала качам.
Кармай албай бүт эркимди,
Эңсеп, самап сага барам
Баш ийкеп , салам айтып
Өтөм ар качан
Кайырма:
Кызганамын!
Мен ар бир көздөн сен кабылган,
Мен ар бир түндөн сен жамынган!
Мен кызганам, мен күйүп кызганам!
Убарамын!
Мен санааларга батып келем,
Мен сапарындан калбас белем !
Сен кымбатым, кыйбасым элең !
Байкабайсын көздөрүмдү
Айтып турган, сүйом деген
Башкаларга күйүп , жанып
Нурдан бүткөн, өзүң менен
Билбейм бул тагдырымды
Жазган ким менен?
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?
Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.
Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Малика Динаныкы
Мезгилинде ойго албай,
Жөлөгүбүз боло албай.
Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай.
Эрке кызың эстебей,
Өмүр жолдо жетелебей.
Бул жалганда атакем ай,
Барсың бирок, элесте ай.
Кайырма:
Атакем менин, дүйнөдө сенин,
Бар үчүн демиң, жакшы көрөм.
Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз,
Күйүп-жанды атакебай.
Жылдар өтүп бой жеттим.
Мен да бешик терметтим.
Биздин бирок тирегибиз,
Келбейт күтпөйм, издедим.
Кайырма:
Атакем менин, дүйнөдө сенин,
Бар үчүн демиң, жакшы көрөм.
Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз
Күйүп-жанды атакебай.
Атакем менин, дүйнөдө сенин,
Бар үчүн демиң, жакшы көрөм.
Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз
Күйүп-жанды атакебай.
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Марклендики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Азиз Алиевдики
Сөзү : Мырзалы Сыдыковдуку
Обону : Мырзалы Сыдыковдуку
Дабырап терезеге жазгы күүлөр,
Угамын кайрыктарын качанкы ырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.
Тамчыга суктанчубуз биз ар качан,
Турбады ал сезимдер тунук бойдон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.
Келемин баягы эле көктүү күндө.
Бирок сен кайрылбайсың туюп койгон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин.
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү,
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун,
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам,
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көз албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым, жароокерим, жамалыңды...
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сезимдердин мейкин талаасында,
Сан жетпеген жылдыз арасында.
Канат күүлөп учам, кучагыма кысам кыялымда.
Эрке желдей сызам, эргип бийик булуттарга.
Кайырма:
Көздөрүмө кумар,
Көңүлүмө тумар, издеп келемин,
Билбей себебин.
Ыйык сезимдин гүлүн теремин,
Сени келер деп, күтө беремин,
Айтчы себебин.
Сени ойлоп турам жалгыз кечте,
"Сүйөм" деген сөзүң дайым эсте.
Тагдыр бизди кошсо,
Бакыт кол созом келечекке,
Баалай турган кезим,
Бал татыган таттуу сезимимди берсе.
Сөзү : Гүлмира Рыспаеваныкы
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Мамбеттурду Тайыр уулу
Обону : Мамбеттурду Тайыр уулу
|