|
Мээри Шакулина
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 9
00:03:00
00:03:23
00:02:49
00:04:09
00:02:57
Сөзү : Э. Маматовдуку
Обону : Э. Маматовдуку
Жаным, жаным бал ширини тамган,
Жалын, жалын көздөрүнөн жанган.
Алыстап жалгыздыктан,
Сиз менен бирге барсам.
Багым, багым калбасын армандар,
Жазым, жазым болбосун жалгандар.
Жан дүйнөң алыстарга,
Калбасын ашууларда.
Кайырма:
Кыя албаймын, кыя албаймын ошол күндөрдү,
Жалындаган жанган мөлтүр сенин көзүңдү.
Жылдыздуу түндөрдү, бактылуу күндөрдү,
Унутпайм ирмелген көзүңдү.
Жаным, жаным калбагын алыста,
Таңым, таңым кетпегин алыска.
Көрсөм деп убарамын,
Көргөндө кубанамын.
Жаным, жаным бакыттан адашпа,
Багым, багым жалганга жолукпа.
Күбөсү ушул түндүн,
Баш ийип сизди сүйдүм.
Кайырма:
Сени менен бир болсом деп кыялданам,
Арман болдуң жан дүйнөмдүн тынчын алган.
Жаркылдаган элесиңден алсызданып,
Унуткуча көз жашымды кантип тыям?
Кайырма:
Ырдасам да, ыйласам да, кыйкырсам да,
Алыстасың, бир өзүңө үнүм жетпейт.
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби?
Сенден башка эч бир жанды сүйгүм келбейт.
Мерез сүйүү, тагдырымды талкаладың,
Жалгыздык мени сенден тартып алды.
Бассам-турсам сен жөнүндө ойго батам,
Айла таппай жаш жүрөгүм жараланды.
Кайырма:
Жароокер көздөрүңдөн адашканмын,
Балдай таттуу сөздөрүңө алданганмын.
Сүйгүм келбейт, сүйбөймүн деп капысынан,
Бир көрүп тун сүйүүмө кабылганмын.
Кайырма:
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Обону : Эдиль Маматовдуку
Элестетип күлкүңдү,
Сездим бүгүн, алгачкы сүйүүмдү.
Көздөрүңө тигиле,
Байландым мен аруу сезимге.
Кайырма:
Секелегим, секетим деп,
Эркелетсең ээрийт жүрөгүм.
Эркетайым, берметим,
Эстен кетпейт сезим мүрөгү.
Эркем, эркем, ээрийт жүрөгүм,
Эркем, сезим мүрөгү.
Чолпон жанган көздөрүң,
Жарык чачып нурун төккөнүм.
Ойлорумду сен бөлдүң,
Отун жактың муздак көңүлдүн.
Кайырма:
Сөзү : Дайыр Исмадияровдуку
Обону : Эдиль Маматовдуку
Түгөнгүс чексиз дүйнө, жарык таңда,
Айланам жаркырап, нур чачканда.
Ак сүйүү керемети мас кылганда,
Сезимимди ойготтуң го кайра-кайра.
Кайырма:
Асылым, сен, сен менин берекем,
Алтыным, сен, сен менин периштем.
Жан дүйнөм сага, сага берилген,
Кайдасың сен менин, менин жан эркем?
Магдырап аруу, тунук махабатка,
Тагдырым байландыбы жалгыз сага?
Сенин үнүң кулагыма жаңырганда,
Мен айтамын сүйөмүн деп кайра-кайра.
Кайырма:
Сөзү : Муктар Атаналиевдики
Обону : Муктар Атаналиевдики
Күйүнүү да жүрөк, күйгөн да жүрөк,
Сезесиңби ал жүрөк бир сени сүйөт.
Өмүрүм да сенде, көңүлүм да сенде,
Өкүнүчтө калбайлы бизге сүйүү келсе.
Кайырма:
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде,
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде.
Жаралуу да жүрөк, жүдөдү да жүрөк,
Билсең ошол жүрөк бир сени сүйөт.
Кайырма:
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде,
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде.
Күйүнүү да жүрөк, күйгөн да жүрөк,
Сезесиңби ал жүрөк бир сени сүйөт.
Өмүрүм да сенде, көңүлүм да сенде,
Өкүнүчтө калбайлы бизге сүйүү келсе.
Кайырма:
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде,
Өмүрүм да сен, көңүлүм да сен, өмүрүм да сенде. Бизге сүйүү келсе.
Сөзү : Ислам Сатаровдуку
Обону : Индиники
Сөздөрдү ылгабастан айттың,
Сүйүү гүлүн башкаларга сундуң.
Сени кечирдим, мен сени кечирдим.
Билсем да кеткениң бирөөгө,
Батсаң да өзүң да күнөөгө.
Мен сени кечирдим,
Мен сени кечирдим.
Кайырма:
Эми мен махабатымдан азап,
көз жаштарымдан азап тартсам да,
Эми мен болду сени сүйбөймүн,
Сени эч ойлобоймун азатмын.
Мени кечир, сени кечирдим, мени кечир.
Сүйсөм да көңүлүң бурбадың,
Ак сүйүүнүн кадырын билбедиң.
Сени кечирдим, мен сени кечирдим.
Жүрөгүм өзүңө арнадым,
Ар дайым сага алдандым.
Сени кечирдим, мен сени кечирдим.
Кайырма:
Эми мен махабатымдан азап,
көз жаштарымдан азап тартсам да,
Эми мен болду сени сүйбөймүн,
Сени эч ойлобоймун азатмын.
Мени кечир, сени кечирдим, мени кечир.
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Ташкент кызы Гүлдүкү
Жагалданып сүйүү оту, жагалданып жалгыз сага бул өмүрдө,
Таба албаймын таттуу сөздү карап сенин көңүлүңө.
Махабаттын деңизиндей бөлөнөлүк табийгаттын мээримине,
Бурам деп менин оюмду бүлүк салба сезимиме.
Кайырма:
Сагынба, сагынба, аз күн калды үмүтүңдү,
Таарынба, таарынба арнай албайм ак сүйүүмдү.
Малынба, малынба, махабаттын отуна,
Жалынба, жалынба гүлүң кармап сен колуңа.
Кусалык толуп ташса издейм деп ак сүйүүңдү сен адашпа,
Кечиресиң сен түшүнгүн, жүрөктөгү сүйүүм башка.
Кайырма:
Сагынба, сагынба, аз күн калды үзгүн менден үмүтүңдү,
Таарынба, таарынба арнай албайм ак сүйүүмдү.
Малынба, малынба, махабаттын отуна,
Жалынба, жалынба гүлүң кармап сен колуңа.
Махабатым бирге сенде, бөлөнөлүк табийгаттын мээримине,
Бура албайсың менин оюмду, бүлүк салба сезимиме.
Кайырма:
Сагынба, сагынба, аз күн калды үзгүн менден үмүтүңдү,
Таарынба, таарынба арнай албайм ак сүйүүмдү.
Малынба, малынба, махабаттын отуна,
Жалынба, жалынба гүлүң кармап сен колуңа.
|