|
Нурзада Жолдошева
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 5
00:03:37
00:03:11
00:03:07
Сөзү : Ч.Мырзаевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сабактан шашып, шамдагай басып
Сага көздөй ашыгам.
Ачык айталбай ашыктыгымды,
Көрсөм кайра жашынам.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардың,
Жүрөгүмдү сен тилип.
Шайыр мүнөзүң, сүйкүм күлөсүң
Көз карашыңды жактырам…
Кайчылаш баспа, айрыба мени
Арзып тапкан бактыма.
Кайырма:
Эрке мүнөз кыз элем,
Ойго салдың го жигит.
Байкатпастан басып кирип бардын,
Жүрөгүмдү сен тилип
Сөзү : Мирбек Чылпаков
Обону : Мирбек Чылпаков
Сезбедиң бир жаным ыр жазып ырдадым,
Азаптуу күндөрдө бир сен деп кыйналдым.
Асманда аккудай армандуу туйладым,
Ажарлуу жүзүңдү көрүүгө зар болуп сыздадым.
Эсимден кетпеди жүрөгүм сен деди,
Олтурам сени ойлоп бир келип кетсеңчи.
Жолуңдан тосоюн күттүрбөйй келсеңчи,
Өткөргөн бактылуу күндөрдү бир жолу эстечи.
Махабат илеби жаз болуп келбеди,
Сүйүүгө кандырып жүрөктү эзбеди.
Жолукпай жүрөсүң кайдасын сен деги,
Үмүтүм үзүлбөй өтүүдө бир гана, бир гана мендеги.
Сөзү : Алтынбек Алымов
Обону : Ильяз Абдыразаков
Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…
Берген гүлүң тандаймын,
Тазарып ак таңдайым.
Жолун тапкыс жүрөктү,
Жолугам деп алдаймын.
Курган жүрөк сен деген,
Сенсиң сезим энсеген.
Түнүм супсак, уйкум жок,
Санап кирпик ирмеген.
Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…
Сүйлөбөйсүң, күлбөйсүң,
Көз уялткан күндөйсүң.
Сырын ачпас бир мүнөз,
Айсыз жылуу түндөйсүң.
Көз карашың нур болуп,
Тыңшап ырым угасың,
Көңүлүңдү жашырбай,
Качан мага бурасың?
Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…
Ызаланып, кызганып,
Башкалардын көзүнөн.
Тынчым кетип, ой басып, уккум келет сөзүңөн…
Мен жактырган ал жигит,
Жүрөгүмдө сыр болот.
Кучагыңда бактылуу
Калган бийкеч ким болот?
Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…
|