|
Сапар Эркебаев
Бардык видеолор: 11
Бардык аудиолор: 33
00:03:11
00:04:29
00:03:26
00:03:14
00:03:40
00:04:14
00:05:03
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Сапар Эркебаевдики
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.
Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай
Кайырма:
Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай
Кайырма:
Сөзү : Сапарбек Медербековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.
Кайырма:
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры - бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.
Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.
Кайырма:
Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.
Кайырма:
Кириш сөз:
Бир чал көрдүм колдо комуз кармаган,
Жашын төгүп, жаш баладай ыйлаган.
Жүрөктү эзет анын алсыз карашы,
Барбы пенде бул адамды сыйлаган?
Ээн көчөдө жалгыз адам келатса,
Эй адамзат, сен кайдигер караба.
Бул мен байкуш, көчө кезип кыдырган,
Байлыгынан, үй-бүлөдөн айрылган.
Кайырма:
Мен киммин?
Мен бир байкуш көчө кезген.
Ырдасам ырларым жүрөктү эзген,
Эй адамзат сен кайдигер караба.
Жашоом жаман, бирок жашайм, жашап келгем,
Бир убакта байлык менде төгүлгөн,
Кургур байлык түбөлүктөй көрүнгөн.
Айрылганмын байлык эмес, баарынан,
Жадакалса айдай сулуу жарымдан.
Кайырма:
Көчө кезем, комуз менин эрмегим,
Мен байкушмун, кимге менин керегим?
Күндөн-күнгө алдан тайып картаям,
Комуз сыздайт, а мен болсо ыр ырдайм.
Кайырма:
Сүйүү толгон көздөрүмө карачы,
Сыздап сокон жүрөгүмдү аячы.
Селдей ташып сага ашыккан жигитмин,
Сапар алган мен баягы.
Жүрөк бети толуп бүттү жамачы,
Жашоомдун өзүң болчу канаты.
Жаным өзүң жарык берчи сүйүүмдү,
Жазып бүтпөс сен санаты.
Кайырма:
Күтөмүн сени, күүгүм киргенче,
Түшүмдө сенсиң кирпик ирмелсе.
Сапарга чыкпайм, сан жылдап күтөм,
Сүйүү кемеси сенсиз келсе.
Канча жандан кара көзүң жактырып,
Канча түндү уйкусу жок аттырып.
Жалгыздыктан чөлгө айланган чөйрөмдү,
Жараталы гүл бак кылып.
Колдо барын кадырына жетели,
Сүйөм деген сөзүң сүйүү мекени.
Жан көрө элек махабаттын багына,
Жок дебечи жүр кетели.
Кайырма:
Кыйнадың жүрөктү, кыйналдым, күн өттү,
Кыя албай өзүңдөй чүрөктү.
Уяладың жүрөктү, уйкусуз түн өттү,
Уурдадың махабат мүрөктү.
Кайырма:
Кыйналам кылыгыңа,
Караган кыйыгыңа.
Качан болсо кылыктанасың,
Салып ойго кызыктанасың.
Кабыл алсаңчы сен жалдыратпай,
Кылчайбаган сызыктанасың.
Көтөрүп боюңду, кармадың оюмду,
Карматпай кебездей колуңду.
Тосуп чыксам жолуңду, качасың коркумдуу,
Мага салып махабат ооруңду.
Кайырма:
Сени сүйүп жүрөк сыздады,
Санааларга салып кыйнадың.
Сезимимди сезбедиң, бирок
Байкуш жүрөк сен деп ыйлады.
Кайырма:
Сен деп согот жалгыз жүрөгүм,
Сени ойлоп сыздап жүрөмүн.
Сагынычтан саргайып, азып,
Санаа тартып өттү күндөрүм.
Кабылдымбы сүйүү торуна,
Калтырбачы жалын отуңа.
Күтө берип карек талыды,
Кысайынчы, келчи, боорума.
Жашырбачы, сырың катпачы,
Жан дүйнөмдү жабыркатпачы.
Жакшы көрөм, жаным, жамалың,
Жаралаба, мени аячы.
Кайырма:
Сени сүйүп жүрөк сыздады,
Санааларга салып кыйнады.
Сезимиди сезбедиң, бирок
Байкуш жүрөк сен деп ыйлады.
Кайырма:
Сен деп согот жүрөгүм,
Сени ойлоп жүрөмүн.
Сагынычтан саргайып,
Санаа тартып жүрөмүн.
Сени таппай издеп жүрөм,
Карааныңа зар болуп.
Айтчы, менин кайсы күнөөм?
Жүрөк сыздайт, ый толуп.
Кыйналам түндө уктабай,
Күтүүдөн көңүл калбай.
Келчи эми, асыл ардагым,
Агарып аткан таңдай.
Жылытчы тоңгон жүрөктү,
Кусалыгым жүдөттү.
Күтүүдөн жүрөк чарчады,
Азаптуу күндөр өттү.
Көздөрүң сенин карагат,
Көңүлдү эзип, жаралап.
Көөдөндө толгон кусалык,
Ыр болуп сага арналат.
Кумар көз, назик жүрөгүм,
Сен ыйласаң сыздайт жүрөгүм.
Сүйүүнүн кудурети, жүрөгүм туйлап кетти.
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Улуу тоодон гүлдөр терсем дейм,
Бир өзүңө тартуу кылсам дейм.
Сунган гүлүм аласыңбы?
Же жактырбай чанасыңбы?
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Мен сенин айдай жүзүңө,
Кумарланам кара, кара көзүңө.
Сен ишенип кой сөзүмө,
Сүйүүм ашып барат, оттой жанып.
Сенин өзүңө...
Жаз күнүндөй татына, сулуусуңар,
Жигиттердин жүрөгүн элжиретип, кыздар.
Жанды эритет назданып турушуңар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар... Кыздар...
Болбогула жигитке кайгы муза.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк музда.
Биздин кыздар.
Силерсиңер жашоодо бүтпөс кумар,
Каректерден төгүлгөн мээримиңер, кыздар.
Жарык чачып, өмүрдү узартып турар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар.. Кыздар...
Болбогула жигитке кайгы муза.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк музда.
Биздин кыздар.
Мындай нерсе боло бербес ар ким менен ар күндө,
Эгер болсо өңдө эмес, көргөндүрсүң түшүңдө.
Угуп турчу, айтып берем “укпай калыпмын” дебе,
Сен сүйүүгө кабылуунун оңой жолун издебе.
Табышмактуу сүйүү күчү кыйла өйдө байлыктан,
Ал бакыттын жандырмагы табышмактуу салынган.
Сүйүү келет ар адамга ар башкача түрүндө,
Ал сүйүүнү издебегиле, жөн гана күткүлө.
Бешенеңе жазган ырыс өз убагында келет,
Түшүнөсүң аны өзүң жүрөк аркылуу сезип.
Кээ бир адам кээде аны бир көрүүдөн байкабайт,
Көп убакыт бирге созуп сүйүү жогун аныктайт.
Кээде сүйүп калат адам биринчи көз караштан,
Толук мүмкүн ал тараптан көңүл бөлбөй калышка.
Ала-Тоонун ак карындай ак жана бийик жеткис,
Бар сүйүүлөр ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.
Кайырма:
Сен деп жашап, сүйүүгө мен бел байлап,
Жүрөмүн мен сени самап.
Издеп сени, махабат арбап мени,
Бакытыма мен байланам.
“Сүйүү кетип келе бербес, келер анын маалы бар,
Күйүп кайра жана бербес” деп айтылган маалым бар.
Өз ичине өзгөчө бир сезимдерди камтыган,
Ал эсинде кала турган сүйүү деген аты бар.
Абайлагын жабыркаштан ал сүйүүнүн арманы,
Жабыркасаң да адашпа, бул жашоонун маңызы.
Бул жашообу же тагдырыбыздын табышмагыбы?
Буга окшогон себептердин болду экен кайсылы?
Ал дайыма жылуу жана дайым таттуу сезилет,
Ал капыстан кирип жанга жан дүйнөңдү эргитет.
Эгер кетсе өзү менен кошо алган көңүлдү,
Жеңил эмес, ал нерсени жүрөгүңдө көтөрүү.
Өмүр бою кайталангыстай көрүнгөн бар сүйүү,
Көргөндөрү бар сүйүүнүн жалгыз эмес, ар түркүн.
Ысык-Көлүбүздөй терең, баалуу, эч нерсе жеткис,
Бар сүйүүлөр, ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.
Кайырма:
Эстей берем унута албай элесиң,
А сен, апа, түбөлүксүз жердесиң.
Куса болуп бейитиңе келгенде,
“Кайрат кыл” деп жүрөккө дем бересиң.
Алтын апа, кымбат элең биз үчүн,
Асыл элең ага-тууган, эл үчүн.
Балдарым деп төккөн эне мээримиң,
Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн.
Алтын апа, кеттиң неге эртелеп?
Баса албадың небереңди жетелеп.
Кайгы басып, боздоп ыйлап, буркурап,
Кала берди балдарың бойго жете элек.
Урмат көрүп жашаар кезде ачылып,
Апакебай, сенден калдык айрылып.
Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң,
Унутпастан биз эстейбиз кайгыны.
Бата берип жаш-карылар, апам жок,
Көңүлүмдү көтөрөргө адам жок.
Атам болсо момундардын момуну,
Өгөй апа турган үйдө бакыт жок.
Анын айткан сөздөрүнөн чыга албай,
Ата десек, үч уулуна көнө албай.
Өз билгенин жасайт эми, Кудай, ай,
Ыйлап жүрөм өз үйүмө бара албай.
Укта, апа, жер жазданып уктагын,
Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын.
Периштелер гүлзарынан узаткан,
Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.
Жаз айы эле, жарашат беле,
Жанашып алсак бирге?
Жалкыган сезим, жарым жан кезим,
Убалы эми кимге?
Карманам, кайтпайм, кайталап айтпайм,
Каалаган сөздөрүмдү.
Кароосуз калган, айыкпай арман,
Аядым көздөрүңдү.
Кайырма:
Адаштың, алдадың,
Ачуусу жалгандын,
Артылып мойнуңа азабы.
Кайрат бер мага,камынам кайра,
Кала албайм куюнуңа.
Кадамым алсыз, карааным жалгыз,
Жете албай тунугуна.
Издедим сени, ишенбейм эми,
Ишенген каректерди.
Багынып байтпайм, балынан татпайм,
Баратам жалгыз эми.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Сапар Эркебаевдики
Мейли, жылдар өтсүн арадан,
Мейли, күндөр өтсүн санаган.
Мейли, күнөө кетсин өзүңдөн,
Мейли, кечиремин, садагам.
Кайдасың деги?
Кел эми,
Кучагым гүл жыттансын, жаным, сени менен,
Өзүңө жетким келет учуп жел менен.
Кайырма:
Кантем эми, канттим деги?
Кайрылбайсың, аттиң, эми.
Кезигишпей калдык окшойт биз эми.
Кантем эми, кантем деги?
Карааныңды таппайм эми,
Кечиришпей калдык окшойт биз эми.
Жоктоп сени жүрөк кыйнады,
Жолугам деп үмүт кыйбады.
Күтөм, бирок үмүт алдана,
Күйүт коштоп сүйүүм арналат.
Кайырма:
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Ал аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде.
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?
Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Кош, кайталайм кош,
Башка сөз оюма келбейт го,
Негедир, дос.
Бош, ойлорум бош,
Айтайын мен бир сөз,
Негедир, айта албайм, дос.
Жоош, мүнөзүң жоош,
Узап баратам сенден,
Унчукпайсың го сен, дос.
Тост, көтөрдүм тост,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Кош бол, дос!
Кайырма:
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Жол, бул шыдыр жол,
Эч качан досторду бөлбөсүн,
Бул узак жол.
Кол, сунулган кол,
Бек кыстың колумду кайталай:
Дос, аман бол!
Жол, бул узак жол,
Жамандык, кайгы, капа,
Жолумдан кач, жогол!
Ошол, калоом ошол,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Досум, аман бол!
Кайырма:
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : С.Эркебаевдики
Сен окшойсуң кечээ кирген түшүмө,
Көз ирмебей, мени гана тиктеген.
Экөөбүздү айланышып жылдыздар,
Жарык болуп сен жанымдан кетпеген.
Кайырма:
Алтынымсың сен менин,
Жарыгымсың сен менин,
Дүйнөдө табылгыс асылым менин.
Махабатым сен менин,
Балдай шириним менин,
Айдай жарык чачкан алтыным менин.
Түйшүк тартам, бирок чексиз кубанам,
Мен сүйүнөм, “сүйөм” деген бар адам.
Күлсө күлөм, карегинен жаш акса,
Сүртүп жашайм, ошол менин убадам.
Кайырма:
Айдай жарык чачкан алтыным менин...
Мага деген сезимиң барбы,айтчы өзүң?
Мээримиңди төгөт ай көздөрүң.
Менин дагы жүрөгүм сен деп согот дайым
Махабатым сендик, мен танбаймын.
Тагдыр жолум сага байлангандай, асылжарым,
Таттуу сөзүң кулагымда дайым.
Тамшандырган сулуу келбетиң уйку бербейт,
Таңдар атат эңсөө менен.
Кайырма:
Жүрөгүм сени сүйөт, кумарым канбай жүрөт,
Асылым, сен деп гана күндөрүм өтөт.
Жүрөгүм сени сүйөт, кумарым канбай жүрөт,
Асылым, сен деп гана күндөрүм өтөт.
Сенин сүйүүң жашоодогу кымбат бакыттай,
Секетим деп ырдаймын талыкпай.
Сезимдерим күчөткөн сайын ардагым ай,
Суранамын, мага кел таарынтпай.
Күнүм болчу жарык кылган ай өмүрүмдү,
Күндөр учат күтүп бир өзүңдү.
Көздөрүң ай, көтөрүп менин көңүлүмдү,
Кабыл алчы менин сүйүүмдү.
Кайырма:
Сөзү : А.Тоотаевдики
Обону : С.Эркебаевдики
Коштошууга колум барбады,
Өз сүйгөнүм мени алдады.
Жалооруп мени карап,
Көздөрүң балбыл жанат,
Ардагым.
Унуткун деп кыйнадың мени,
Унутууга аргам барбы эми?
Сүйөм деп айткан өзүң,
Күтөм деп берген сөзүң, убадаң.
Акырында сен келдиң мага,
Капа болбо сүйгөнүм мага.
Жалооруп сени карап,
Көздөрүң балбыл жанат,
Ардагым.
Бул чырак ортодо балбылдап турган,
Чырактай көздөрүң көңүлүм бурган.
Бактысыз кылбагын суранам сенден,
Кабыл ал сүйүүмдү жүрөктөн сунган.
Өзүңсүз өтпөсүн гүлдөй өмүрүм,
Өксүдү жүрөгүм сүйүүгө тунган.
Арманымсың менин,
Жүрөгүмдө сенин демиң.
Жылмайып карасаң, кубанып кетем,
Ээрчишсек жанашып, суктанат эчен.
Жалындап махабат, жалынын чачат,
Жылмайып карачы, ак сүйүүм менин.
Тагдырлар бириксе, таалайлуу болуп,
Тамчыдай таптаза таңдарды тосуп.
Өмүрдүн кайрылгыс жылдарын өтөп,
Жашайлы экөөбүз бакытты көздөп.
Сөзү : Ж.Сыдыков
Обону : Ж.Мамажанов
Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
Элесиң көз алдыма келе калып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
Ишенбей сен “улгайдың” десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезде махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.
“Дүрт” этип махабаттан келсем эрип,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
Кереметтүү жамалың,
Керилесиң маралым.
Келбетиңе арбалып,
Күйүп, оттой жанамын.
Келбетиң ай сезилип,
Дегдеп, жүрөк эзилип.
Ак сүйүүмдү айтамын.
Кези келсе, кезигип.
Кайырма:
Адеми, Адеми,
Эми азапка салба мени.
Адеми, Адеми,
Сүйөм жалгыз сени.
Тагдыр берген белегим,
Жүрөгүмдү ээледиң.
Жүзүң сулуу, Адеми,
Айга сени теңедим.
Кайырма:
Адеми, жүзүң сулуу, Адеми,
Адеми, арман болуп, Адеми.
Кайырма:
|