|
Тынай Алыбаев
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 7
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:03:38
00:03:24
00:04:21
Сөзү : Аалы Молдоканов жана Авланбек Жумабаевдики
Обону : Нурдин Төрөбековдуку
Сөзү : Т.Пирматовдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сага гана деген тунук сүйүүм бар,
Сени көрбөй жүрөк зар.
Сагынычым көңүл эзди,
Махабатымды сезчи.
Чын жүрөктөн сени сүйгөн,
Сени эстеген.
Бул дүйнөдө бир адам бар,
Сени сүйгөн бир адам бар.
Кайырма:
Сени, сени менен дүйнө кезейин,
Жүрөгүмдү берейин.
Айтчы жаным аткарайын,
Айга десең барайын.
Сезбесең махабатты, билбесең эгер,
Сени сүйгөн бир адам бар, ардайым.
Кайырма:
Жаным келчи кучагыма,
Дарым болчу кусалыка.
Жанаша бирге баралык,
Махабаттын булагына.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Б.Алишеровдуку
Сөзү : Ж.Муратованыкы
Обону : Ж.Муратованыкы
Ты не плачь, ты не грусти что рядом нет меня,
Любовь твою я в сердце берегу, не грусти, ты моя.
Дни бегут, срывает ветер лист календаря,
Несёт тебе любовь от меня, не грусти, нежная.
Кайырма:
Если веришь в любовь, ты мечту сохрани,
Я люблю тебя только услышь.
Ты мой лучик гори, всё собой озари,
И за даль меня к себе позови.
Если веришь в любовь, в сердце пламя зажги,
И беги на встречу солнцу, ты жди.
Буду небо молить, чтобы вечно любить,
Чтобы счастье друг другу дарить.
Для тебя достать с небес звезду хотел бы я,
И подарить вселенную любя, не грусти, ты моя.
Верь и знай, что ты моя единственная,
Что ты благословенная моя, не грусти, нежная.
Кайырма:
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Эркин Мээркановдуку
Жоголуп жашоо кызыгы,
Жолдо калдым арасат.
Кыскарып өмүр утуру,
Батып баратат.
Сүйгөнүм, кечиргин мени,
Таштабадым ийнени.
Азапка салдым таарынтып,
Мен сени.
Өзүңдү далай алдадым,
Өзөктө жатат.
Кайырма:
Арманым - бүтпөс азабым,
Арманым - өчкөн жаш чагым.
Кыйылбай өмүр кырчындай,
Жашагым келет, жашагым. (2 жолу).
Айланды күнгө күн нуру,
Адаштыбы булбулу?
Ажалга кетти мен үчүн,
Сүйүү жылдызы.
Өлүмдөн сактап кала албай,
Өксүдүм таба албай.
Калсамчы сенсиз жашоого,
Жаным, жаралбай.
Өзүмдү далай алдадым,
Өзөктө жатат.
Кайырма:
Сөзү : А.Токонбаевдики
Обону : А.Малдыбаевдики
Ойлодуң бекен ой селки,
Ойготуп кеттиң түшүмдөн.
Ойногон болуп эркелеп,
Оп тартып кеттиң жүзүмдөн.
Оолактан көрүп сен мени,
Окшоттуң бекен түшүңдө.
Көзүмдү эле ачып карасам, карасам,
Көрүнбөйт менин айланам.
Көмүрдөй кара чачыңа,
Көңүлүм менен байланам.
Көпөлөк менмин, сен чырак,
Көкөлөп сага айланам.
Өкүнүп күндүз байкасам, байкасам,
Өбөктөп жатам күн кайдан.
Өксүтпөй бизди кошкун деп,
Өчпөстөй күткөн күнгө айтам.
Өчөшкөн жандай тил катпай,
Өзүңдөн башка кимге айтам?
|