|
Ынак Осмоналиев
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 15
00:02:23
00:03:46
Кайдасын айтчы барайын,
Сагындым сенин карааның.
Ашыгып калдым кантейин,
Жүрөгүңө жолду табайын.
Кайырма:
Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин,
Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң.
Сагынып сени турсам да,
А бирок мага келбейсиң.
Секелек сулуу периштем,
Дечү элем жаным сени мен.
Чок таштап менин сүйүүмө,
Башкага кеттиң эми сен.
Кайырма:
Кызыл гүл сунсам албайсың,
Жигиттен жигит тандайсың.
Ошол бир сүйгөн жигитиң,
Таштап бир кетсе кандайсын?
Кайырма:
Ак сүйүүм менен арбалдым,
Алтыным мага келбейсиң.
Ушул ырым сага арнадым,
Оо, сүйгөнүм, менин ардагым.
Сүйүп жүрүп сага жетпедим,
Кимге айтам эми арманым?
Кайырма:
Алыстаса менден карааның,
Аянычтуу карап каламын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Алыс кетсе менден карааның,
Кызганычтуу карап турамын.
А сен болсо кете бересиң,
Кучагында бөлөк баланын.
Бар экен деп уккам сүйгөнүң,
Менден башка бөлөк жүргөнүң.
Тагдыр деген ушул турбайбы,
Сүйгөнү менен бирге кылбайбы?
Кайырма:
Кетсең эми кете бергиниң,
Эми сени көрөр бекенмин?
Түбөлүккө эстеп жүрөрмүн,
Сени менен жүргөн күндөрдү.
Кайырма:
Мен сага келемин айлуу кечте,
Ортодо сүйүү бар го деймин бизде.
Отуруп экөөбүз көпкө чейин,
Кетчү элем мен кайра түн ичинде.
Кайырма:
Сүйөм деп мен сага айта албайм,
Сүйөрүңдү бир өзүңдөн байкай албайм.
Алтыным, жаныңдан чыккым келбей,
Келген соң кайра мен кайта албай.
Ох, жаным, сен мени ойлойсуңбу?
Ойлосоң сүйөмүн деп койбойсуңбу?
Эгерде дос балдар сөз кылышса,
Ал менин сүйгөнүм деп коргойсуңбу?
Кайырма:
Ар кечте сагынам адатымча,
Өзүңдөн сүрдөнөм неге мынча?
Кыйнабай, жалооруп аяп койчу,
Бул кечте сүйүүмдү айтам сага.
Кайырма:
Сүйүп, сүйүп сени болдум убара,
Сүйөм деген сенин кана убадаң?
Сезимимден өчтүң тийген нур сымал,
Жүрөгүмдөн чыктың, кеттиң башкага.
Кайырма:
Ак сүйүүм сен элең го,
Сенден башка жок эле го.
Кучагыма бекем кысып,
Сүйөмүн деп айтчу элең го.
Жүрүп, жүрүп, кимди сүйөр экенсиң,
Кадырына анын жетер бекенсиң?
Торго салып коюп сыйкыр күч менен,
Мерезденип кайра кетер бекенсиң?
Кайырма:
Ойго салып мени болду азгырба,
Жаратымды козгоп кайра жанчыба.
Бактылуулук күндөр өтүп кетти окшойт,
Сүйдүрөм деп кайра болбо убара.
Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан,
Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан,
Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап.
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап,
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Сөзү : А.Кариповдуку
Обону : Ы.Осмоналиевдики
Түбүндө турам дарактын,
Түйшүгүн тартам азаптын,
Карааның издейм алыстан, жаным.
Шурусуң, берметсиң,
Ак куудай келбетиң,
Жамалың жанды азгырат, жаным.
Кайырма:
Сени сүйөм, сени күтөм,
Сенден гана үмүт үзбөйм.
Сени сүйөм, сени күтөм,
Сен деп гана жашап жүрөм.
Ашыктык оту кыйнады,
Жүрөгүм сени кыйбады.
Жан дүйнөм тартат өзүңө, жаным.
Сен айткан жерге барайын,
Сени издеп өзүм табайын.
Ошондо жарпым жазылат, жаным.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Карагат кара көздөрүң,
Катасыз тийген ок беле?
Моминтип болдум ай, жарадар,
Мумия дарың жок беле?
Каалады жүрөк жактырды,
Канткенде сени кыямын.
Мен жалгыз, сен дагы жалгыз.
Болоюн сенин ынагың.
Карадым кара көздөрүң,
Катасыз тийген ок беле?
Жүрөгүм болду жарадар,
Сүйүүгө дарың жок беле?
Моминтип болдум жарадар,
Мумия дарың жок беле?
Сөзү : Ынак Осмоналиевдики
Обону : Ынак Осмоналиевдики
Окуп бүткөн мектебимде,
Жаш секелекке суктанам.
Иним окуйт дегенсип,
Шылтоо кылып мен барам.
Топ кыздардын арасында,
Өзгөчөмсүң өзгөчөм.
Сыйкырдуу бир күчүң бардай,
Тартат мени өзүңө.
Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Макул болсоң теңим болчу,
Сүйүү жашка карабайт.
Чанда, чанда барчу болдум,
Ал мектепке мен улам.
Уялгансып жылмаясың,
Атың ким деп сурасам.
Окуучулук күнүмдү эстеп,
Отурсам дейм жаныңда.
Сүйүү дептер сага арнап,
Барактарын толтурсам.
Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Алып качып кетсем окшойт,
Качан мектеп аяктайт?
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Ынак Осмоналиевдики
Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге?
Караймын неге, караймын неге?
Карегим сизге кадалат жеңе.
Ак сүйүү болсо кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле?
Жылмайып мени карап койсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айталбайм эми, сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн, аттиң ай, жеңе.
Аттиң ай жеңе, аттиң ай, жеңе,
Арманда сыздайм сүбөйсүң неге?
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.
Сөзү : Т.Осмоналиевдики
Обону : Т.Осмоналиевдики
Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып,
Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.
Мен таарынам, бирок мага таарынба,
Мен сагынам, жаным, мени сагынба.
Сезимдердин сересине чыгарда,
Сен кабылба мен кабылган тагдырга.
Окубачы ыйлап жазган катымды,
Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды.
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым?
Карагаттай көздөрүңдү сагындым.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.
|